Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) 2026–2027-академиялык жылынын багыт берүү программасынын үчүнчү күнү «Университеттин студенти катары өз жашоомо туура багыт бере алам» деген темада улантылды. Программанын алкагында жаңы студенттерге эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, финансылык сабаттуулук, убакытты туура пайдалануу, дени сак мамилелер, зыяндуу адаттардан алыс болуу, университет жылдарын жемиштүү өткөрүү, ар түрдүүлүк менен эриш-аркак жашоо жана студенттик тажрыйбалар тууралуу маалыматтар берилди.
Программанын алкагында өткөрүлгөн презентациялар студенттерге университеттик жашоосунда туш болуучу түрдүү маселелер боюнча маалымат берүүгө, алардын түшүнүгүн кеңейтүүгө, жеке өнүгүүсүн пландаштырууга жана университеттеги жашоосун аң-сезимдүү улантуусуна багытталды.
Дүйнөгө ачылган билим берүү мүмкүнчүлүктөрү
Тышкы байланыштар бюросунан Медина Кадырбекова «Дүйнөгө ачылган жол: алмашуу жана чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы презентациясында студенттерге университеттеги эл аралык билим берүү жана алмашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Презентацияда студенттердин ар кайсы өлкөлөрдө билим алуу тажрыйбасына ээ болуусуна, академиялык жана инсандык өнүгүүсүн эл аралык тажрыйбалар менен колдоого багытталган мүмкүнчүлүктөр каралды. Студенттердин университет жылдарын баалоодо дүйнөгө ачылган мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Финансылык сабаттуулук жана бюджетти пландоо
Экономика жана башкаруу факультетинен доц., докт. Разияхан Абдиева «Акчамды кандай пландаштырам? Студенттин каражаты, сарптоо адаттары жана финансылык сабаттуулук» деген темада презентация жасап, студенттерге жеке бюджетти пландоо жана финансылык сабаттуулук боюнча маалымат берди.
Презентацияда студенттердин киреше жана чыгашаларын пландаштыруусу, сарптоо адаттарын кайра карап чыгуусу жана университеттик турмушта финансылык ресурстарды аң-сезимдүү пайдалануусу тууралуу сөз болду. Финансылык сабаттуулуктун студенттердин күнүмдүк турмушун тартипке салуудагы ролуна көңүл бурулду.
Убакытты туура пайдалануунун маанилүүлүгү
Гуманитардык факультеттин илимий кызматкери Суна Кылыч «24 саат мага жетиштүүбү? Убакытты туура пайдалануу» аталышындагы презентациясы менен студенттердин убактысын натыйжалуу жана үзүрлүү пайдалануусуна багытталган маалыматтар менен бөлүштү.
Презентацияда академиялык иштер, социалдык турмуш жана инсандык өнүгүүнүн ортосунда тең салмактуу пландаштыруу жүргүзүүнүн маанилүүлүгү каралды. Студенттердин күнүмдүк жоопкерчиликтерин пландаштыруусу жана убактысын артыкчылыктарына жараша тартипке келтирүүсү боюнча ар кандай сунуштар берилди.
Жаңы адамдар, жаңы мамилелер
Коммуникация факультетинен доц.м.а.док. Мээрим Артышева «Жаңы адамдар, жаңы мамилелер: туура достук мамилелери» аталышындагы презентациясында университетте түзүлгөн достук жана социалдык мамилелердин маанилүүлүгүнө токтолду.
Университетке жаңы кабыл алынган студенттердин ар кандай чөйрөдөгү адамдар менен таанышарына көңүл бурулуп, туура достук мамилелеринин негизги өзгөчөлүктөрү жана социалдык пикир алышууда көңүл бурула турган жагдайлар баса белгиленди.
Зыян адаттардан көз карандылыкка чейин
Узгултүксүз билим берүү борборунан PhD. Арген Жумгалбеков «Кооптуу адаттар жана көз карандылык» аттуу презентацияда студенттерге көз карандылык жана кооптуу адаттар тууралуу маалымат берди.
Презентацияда кооптуу адаттардын инсандын турмушуна тийгизе турган таасирлери каралып, студенттердин аң-сезимдүү болуусунун маанилүүлүгү белгиленди. Сергек жашоо адаттарын калыптандыруу жана зыяндуу адаттардан коргонуу боюнча маалымат берүү максат кылынды.
Университет жылдарын маңыздуу өткөрүү
Теология факультетинен PhD. Дильноза Рахматиллаева «Университеттеги жылдарымды кандайча пайдалуу өткөрөм?» аталышындагы презентациясында студенттерге университет жылдарын академиялык, социалдык жана инсандык өнүгүү жактан баалоого багытталган маалыматтарды берди.
Презентацияда университеттик жашоо сабактардан жана академиялык иштерден гана турбастыгы, студенттердин бул процессте жаңы тажрыйбаларга ээ болуусу жана ар кандай тармактарда өздөрүн өнүктүрүүгө салым кошо турган иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
КТМУда ар түрдүүлүк менен бирге жашоо
Коммуникация факультетинен Др. Толкун Бектурган кызы «КТМУда ар түрдүүлүк менен эриш-аркак жашоо» аталышындагы презентациясында ар түрдүүлүктүн бирге жашоо маданиятындагы ордуна токтолду.
Презентацияда университет чөйрөсүндө ар кандай маданиятка, көз карашка жана жашоо образына ээ студенттердин өз ара түшүнүшүү, сый-урмат жана натыйжалуу пикир алышуунун маанилүүлүгү каралды. Студенттер ар түрдүүлүктү байлык катары баалай турган университеттик чөйрөнү түзүүгө көңүл бурулду.
Студенттин көзү менен «Манас»
Багыт берүү программасынын соңку бөлүгүндө студенттик кеңештен Аймери Абдыкадырова менен Мехмет Йылдырым тарабынан «Манас» студенттин көзү: Тажрыйбалар, суроолор жана сунуштар» аталышындагы презентациясы тартууланды.
Презентацияда студенттеринин тажрыйбалары аркылуу КТМУдагы студенттик жашоого тиешелүү маалыматтар менен бөлүшүлдү. Жаңы келген студенттерди кызыктырган маселелер боюнча тажрыйбалар ортого салынып, студенттердин суроолоруна жана сунуштарына орун берилди.
Багыт берүү программасынын үчүнчү күнүндө өткөрүлгөн презентациялар аркылуу студенттердин университеттик жашоону академиялык жактан гана эмес, инсандык өнүгүү, убакытты жана финансыны башкаруу, социалдык мамилелер, сергек жашоо, эл аралык мүмкүнчүлүктөр жана ар түрдүүлүк менен эриш-аркак жашоо сыяктуу ар кандай темалар менен талкууланды.