Мамлекет башчыбыздын университетибиздин эки бир тууган өлкөнүн ортосунда билим, илим жана маданият көпүрөсү болуу миссиясына көрсөткөн ыкыласы эмгегибизге берилген жогорку баа болуу менен бирге, мойнубуздагы жоопкерчиликти дагы да арттырган, жаңы ийгиликтерге шыктандырган зор дем-күч болду.
Бул сөздөрдү жамаатыбыздын жылдар бою төккөн маңдай теринин үзүрү жана алдыдагы максаттарыбызга көрсөтүлгөн ишеним катары кабыл алабыз.
Мындан ары да Кыргызстандын илимий, маданий жана коомдук өнүгүүсүнө салым кошуп, кыргыз жана түрк элдеринин бир туугандыгын бекемдеп, түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана келечегине ак ниет менен жигердүү кызмат кыла беребиз.
Көрсөтүлгөн ишенимди актоо — ыйык милдетибиз, ал эми берилген бааны жаңы ийгиликтер менен бекемдөө — тарыхый жоопкерчилигибиз.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, университетибизге өзгөчө көңүл бурганыңыз жана баалуу пикирлериңиз үчүн Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Урматтоо менен,
Проф. Др. Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору