Кыркларели университетинин ректору, профессор Ренгин Ак, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту


  • 2026-10-29

Кыркларели университетинин ректору, профессор Ренгин Ак Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен кызмат ордунда жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ортосунда 2025-жылдын 17-октябрында кол коюлган эки тараптуу кызматташтык жөнүндө протоколдун жана «Орхун» алмашуу программасы боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында буга чейин жүргүзүлгөн жана келечекте ишке ашырыла турган  иштер талкууланды.

Келишимдин алкагында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттер менен академиялык кызматкерлердин алмашуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле жогорку билим берүү жана илимий изилдөө тармактарында маалымат жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү максаттары белгиленди.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети эл аралык академиялык кызматташтык аркылуу илимий изилдөөлөрдү колдоо, университеттер аралык байланышты чыңдоо жана жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иштерин улантууда.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү