Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмунун жыйындарында жана эл аралык аянтчаларда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аткарып жаткан ишине жана ишмердүүлүгүнө байланыштуу берген баасы университетибиздин билим берүү жана илим тармагындагы миссиясынын эл аралык деңгээлде таанылышы жагынан өзгөчө мааниге ээ.
Кыргызстан менен Түркиянын кылымдарды карыткан боордоштук мамилелеринин жогорку билим берүү тармагындагы эң маанилүү биргелешкен демилгелеринин бири болгон университетибиз негизделген күндөн тартып билим жаратууну, өз ишин мыкты билген адистерди даярдоону жана орток маданий баалуулуктарды келечек муундарга өткөрүп берүүнү өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары кабыл алат.
Урматтуу Президентибиздин университетибиз тууралуу айткан пикирлери бул институционалдык миссиянын баалуулугун дагы бир жолу айгинелеп, академиялык сапатыбызды өнүктүрүүгө, эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү арттырууга жана коомго кошкон салымыбызды күчөтүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары университеттин түптөлүшүнө негиз болгон орток эркке жана бизге көрсөтүлгөн ишенимге татыктуу түрдө, илимий жетишкендиктерибиз жана тарбиялап өстүргөн муундарыбыз аркылуу Кыргызстанга, Түркияга жана түрк дүйнөсүнө туруктуу баалуулуктарды тартуулоону уланта беребиз.
Университетибиздин ишмердүүлүгүнө жана түрк дүйнөсүнүн орток келечегиндеги ордуна көрсөткөн жогору баасы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровго терең урмат-сыйыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректорлугу