Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде академиялык жана административдик кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2026–2027-окуу жылы үчүн квалификацияны жогорулатуу окуулары башталды.
Программанын алкагында санариптик көндүмдөр, долбоор жазуу, натыйжалуу башкаруу, кызматкерлердин мотивациясы, жасалма интеллектти колдонуу, кризистик кырдаалдарды башкаруу жана коммуникация боюнча окуулар өткөрүлөт.
Бардык академиялык жана административдик кызматкерлерди тиркелген график менен таанышып, тиешелүү окууларга активдүү катышууга чакырабыз.
Окуу программасы жана өткөрүү графиги тиркемеде берилген.