КТМУнун ректору университеттин коопсуздук кызматкерлери менен таңкы тамак учурунда жолукту


  • 2026-02-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил университеттин кампусунун коопсуздугун күнү-түнү камсыз кылган коопсуздук кызматкерлери менен таңкы тамактануу учурунда жолугушту.  Университеттеги бардык кызматкерлерди камтыган башкаруу түшүнүгүнүн ачык мисалы болгон бул жолугушууда, коопсуздук кызматтарынын мааниси, иштөө шарттары жана коллективдик биримдиктин мааниси баса белгиленди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан коопсуздук кызматкерлеринин университеттин тынч, коопсуз жана туруктуу академиялык чөйрөсүн камсыздоодо ажырагыс бир бөлүк экенин белгилеп, «Университеттер билим берүү жана илимий изилдөө ишмердүүлүгү менен гана чектелбестен, бул иштердин коопсуз чөйрөдө жүргүзүлүшү аркылуу да бекемделет. Ошону менен катар  коопсуздук кызматкерлерибиздин эмгеги жана кесиптик жоопкерчилиги абдан баалуу», — деп айтты.

Программанын жүрүшүндө ректор, коопсуздук кызматкерлеринин пикирлерин жана сунуштарын угуп, алардын практикалык тажрыйбадан алынган байкоолору университетти башкарууда маанилүү багыт берүүчү фактор экенин белгиледи. Иш процесстерин жакшыртууга багытталган жолугушууда мекеме ичиндеги байланыштарды чыңдоонун мааниси өзгөчө баса белгиленди.

    Социалдык медиада бөлүшүү