Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) инженердик факультетинин 1-курстагы студенттерине 2025-жылдын 4-декабрында “Инженердикке кош келдиңиз!” аттуу тосуп алуу иш-чарасы өткөрүлдү. КТМУнун Конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чарага КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, факультет жетекчилиги, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты.
Программа эки боордош өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу жана университеттин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталды. КТМУнун биринчи проректору Алмаз Ибраев өз сөзүндө студенттик жашоонун маанисине басым жасап, студенттерге: "Манас үй-бүлөсүнө кош келиңиздер. Бул жер – жашооңордогу эң маанилүү мезгилдеринин бири болот. Силер бул жерде академиялык билим гана албастан, жеке өнүгүүңөргө да салым кошосуңар. Эми силер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрүсүңөр жана кайсы жерге барбагыла, ушул иденттүүлүңөр менен тааныласыңар," - деп кайрылды.
Инженердик факультеттин деканы, доцент Нурзат Тотубаева өз сөзүндө студенттерди куттуктоо менен бирге аларга бир катар кеңештерин берип: "Университетибиздин жана бул факультеттин ыйык босогосун атташыңар – келечекке багытталган чоң долбоорлорду жаратуу жана жаңы идеяларды өнүктүрүүгө болгон умтулуусуңарды көрсөтөт. Биздин университет — жаңы долбоорлорду жарата турган платформа; ал эми ар бир байланыш жаңычыл ойлорго жол ачкан мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, окутуучуларыңардын тажрыйбасынан мүмкүн болушунча пайдалангыла жана ар дайым алдыга карай умтулгула," — деп сөзүн аяктады.
Иш-чаранын эң өзгөчө бөлүктөрүнүн бири — жогорку академиялык жетишкендикке (GPA) ээ болгон студенттерди сыйлоо болду. Бөлүм башчыларынын куттуктоо сөздөрүнөн кийин мыкты окуган студенттерге сертификаттар жана ар кыл сыйлыктар тапшырылды.
Мындан тышкары, экология инженерлиги бөлүмүнүн студенттери Амир Таиров менен Севарахон Умарова “Aylana Cycle” аттуу долбоору менен катышкан Urban Marathon 2025 долбоорунда экинчи орунду алышканы үчүн атайын сертификат менен сыйланышты.
Иш-чаранын расмий бөлүгү бүткөн соң студенттер даярдаган концерттик программа тартууланды. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын шыктандырып, аларды академиялык жашоого мотивация берген күчтүү башталыш болду.