КТМУда “Университеттерде социалдык медианы башкаруу: Анкара университетинин мисалында” аттуу семинар өткөрүлдү


  • 2025-11-29

2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректораттын Конференция залында “Университеттерде социалдык медианы башкаруу: Анкара университетинин мисалында” темасында семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Анкара университетинин ректору, профессор Недждет Үнүвар, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Октай Өзгүл, Анкара университетинин Коммуникация координатору, доцент Мехмет Өздемир, Анкара университетинин социалдык медиа адиси Мехмет Алп Гүвен, TÖMERдин директорнун орун басары ага окутуучу, доктор Сейда Зеренай, окутуучулар, журналисттер жана студенттер катышты.

Ачылыш сөзүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Анкара университетинин Түркиянын жана дүйнөнүн эң белгилүү, эң кадырлуу жогорку окуу жайларынын бири экенин айтып, КТМУнун «Университеттен да артык» деген түшүнүгү сөз эмес, бардык иштерге багыт берген принцип экенин белгиледи.

Ректор Жейлан: “Манас университети билимден илимге, маданияттан технологияга чейинки кеңири тармакта, болгону бир аймакка эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсүнө баалуулук кошууну максат кылган окуу жай. Ошондуктан Анкара университети сыяктуу тарыхы бай жана күчтүү мекеме менен кызматташууну мындан да өнүктүрүү – биздин башкы максаттарыбыздын бири”,- деп айтты.

Андан кийин сөз алган Анкара университетинин ректору, профессор Недждет Үнүвар, «Манас» университетинде болгонуна кубанычын билдирип: “КТМУ — Кыргызыстан менен Түркиянын орток баалуулугу. Эки өлкөгө жана бүткүл Түрк дүйнөсүнө кызмат кылган бул улуу университетте болуу биз үчүн сыймык.” — деп айтты.

Профессор Үнүвар Анкара университетинин коммуникация тармагындагы түзүлүшү, байланыш стратегиялары жана социалдык медиа жаатындагы ийгиликтүү моделдери тууралуу маалымат берди.

Семинар Анкара университетинин тажрыйбасы аркылуу социалдык медианы башкаруунун университеттердеги орду жана мааниси боюнча кеңири баяндамалар менен улантылды.

Биринчи баяндамада Анкара университетинин Коммуникация координатору, доцент Мехмет Өздемир “Курумдук байланыш жана социалдык медиа колдонуу: Анкара университетинин мисалы” аттуу презентация жасап, университеттерде курумдук байланышты түзүүнүн негизги принциптери, санариптик мейкиндикте бренд баалуулугун кантип күчөтүү мүмкүн болоору жана Анкара университетинин тажрыйбалары тууралуу кенен маалымат берди.

Анын артынан социалдык медиа адиси Мехмет Алп Гүвен “Социалдык медианы башкаруу” темасында сөз сүйлөп, социалдык тармактарды натыйжалуу колдонуу, кризис учурунда санариптик байланыш ыкмалары, максаттуу аудиторияны талдоо жана мазмун даярдоодо көңүл буруучу жагдайлар жөнүндө практикалык кеңештерди сунуштады.

Катышуучулар семинар аркылуу университеттерде социалдык медианы башкаруунун корпоративдик имиджди чыңдоодогу ролу, санариптик байланыш стратегиясын туура пландоо жана эффективдүү социалдык медиа экосистемасын түзүүнүн негизги механизмдери боюнча кеңири маалымат алышты.

Иш-чара санарип доорунда университеттердин көрүнүктүүлүгүн жана таасирин күчөтүүгө багытталган маанилүү тажрыйба бөлүшүүнүн аянтчасы катары бааланды.

Программа суроо-жооп бөлүмү жана катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен жыйынтыкталды.

 

Manas TV Haberleri:

https://youtu.be/VKe_9N8PJ9A?si=zPvI7iag4DeGpJ4s

https://youtu.be/QLiSy9KHyxY?si=oTd00aXLTIf6jhkn

Manas TV Programı (Prof. Dr. Ünüvar ve Prof. Dr. Ceylan İle Söyleşi)

https://youtu.be/7jilDHgQLqU?si=KbGdkD4h1eNof-Tb

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү