КТМУда сапат жана аккредитация стратегиялары боюнча семинар: Профессор Метин Топрактын маанилүү корутундулары


  • 2025-07-01

2025-жылдын 30-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору (TÜRKSAM) тарабынан сапат жана аккредитация процесстерине болгон маалымдуулукту жогорулатуу максатында семинар уюштурулду. Семинарды Стамбул Сабахаттин Заим университетинин экономика бөлүмүнүн башчысы жана Түркия Республикасынын Борбордук банкынын текшерүү кеңешинин мүчөсү, профессор Метин Топрак өттү.

Профессор Топрак “Сапатты камсыздоо жана аккредитациядагы институттук түзүм жана колдонуу стратегиялары: Комплекстүү модель сунушу” деген аталыштагы презентациясында жогорку билим берүүдөгү сапатты камсыздоо системалары менен аккредитация процесстери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Университеттин академиялык жана административдик кызматкерлеринин катышуусунда өткөн иш-чарада мекеме менен программа аккредитациясы, тармактык стандарттар, эл аралык критерийлер, окуу жайдын рейтингин аныктаган уюмдардын баалоо критерийлери деталдуу талкууланды. Профессор Топрак 21-кылымдын көндүмдөрү, негизги инновациялар жана кесиптик квалификациялар алкагындагы стандарттар менен Түркиянын квалификациялар маалымат базасы жөнүндө мисалдарды келтирди. Ошондой эле, ички жана тышкы сапатты камсыздоого багытталган стандарттарга, көрсөтмөлөргө жана аткаруу көрсөткүчтөрүн байкоо методдоруна токтолду.

Топрак сапат процесстери мыйзамга негизделген милдеттеме гана эмес, мекемелер үчүн стратегиялык башкаруунун маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Бул процессти кесипкөйлүк менен алып баруунун зарылдыгын айтып, “Бул иш - кесипкөйлөрдүн иши” деген сөзү менен сапат жана аккредитация иши атайын адистешкен кадрларды талап кыларына көңүл бурду. Сапат жана аккредитация тиешелүү бөлүмдөрдүн гана эмес, бардык академиялык жана административдик кызматкерлер билүүгө тийиш болгон тармак экенин билдирди. Мындан тышкары, университеттерге кошумча жүк жүктөбөгөн, ресурстарды жана энергияны натыйжалуу колдонууга негиздеген модель сунушун киргизди.

Иш-чара профессор Метин Топракка ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү