“Манас” университети менен Нежметтин Эрбакан университетинин ортосунда академиялык кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2025-04-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Нежметтин Эрбакан университетинин ортосунда академиялык жана маданий тармактардагы кызматташууну бекемдөө максатында протоколго кол коюлду. 2025-жылдын 17-апрелинде КТМУнун ректорлук макамында өткөн кол коюу аземинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Нежметтин Эрбакан университетинин ректору, профессор Жем Зорлу орун алды.

Келишимдин алкагында; эки университеттин ортосунда биргелешкен илимий жана изилдөө иш-чараларын жүргүзүү, бакалавриат жана магистратура боюнча студент алмашуу программаларын ишке ашыруу, илимий кызматкерлер менен изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусу, ошондой эле спорт, искусство жана маданият тармактарында кызматташуу каралууда.

Келишим эки мекеменин илимий потенциалын жана эл аралык өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга карай маанилүү кадам катары бааланып, түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы тилектештикти жана билимди бөлүшүүнү бекемдей турганы күтүлүүдө.

“Манас” университети мындай кызматташтыктар аркылуу аймактык жана глобалдык деңгээлде академиялык байланыштарын чыңдоону улантууда.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/kdMf97wuhfs?si=PbwHjgibgzEwKYDT

    Социалдык медиада бөлүшүү