“Манас” университети менен Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2025-04-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын ортосунда академиялык жана илимий кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү протоколго кол коюлду. 2025-жылдын 17-апрелинде “Манас” университетинин ректорлук макамында өткөн кол коюу аземинде эки мекеме илимий маалымат жана тажрыйба алмашуу баштаган бир канча тармактарда биргелешип иш алып баруу чечимин кабыл алышты.

Кол коюу аземинде “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тамыры терең эки мекеменин ортосундагы бул кызматташтык академиялык өнүгүүдө да, маданий жакындашуу жагынан да чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Иса Хабиббейли да бул протокол түрк дүйнөсүнүн илимий коомчулугунун дагы да жакындан кызматташуусуна салым кошорун айтты.

Протокол биргелешкен изилдөө долбоорлорун өнүктүрүү, семинар, конференция жана ачык талкууларды уюштуруу, ошондой эле окутуучу жана студент алмашуу программаларын ишке ашырууну алдын алат.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/GgIt6dAMg1A?si=auPg39wQ0swFzQrY

    Социалдык медиада бөлүшүү