Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалында 2-орунга ээ болду.
2025-жылдын 13-14-апрель күндөрү өткөн фестивалга Бишкек шаарындагы жана аймактардагы 24 жогорку окуу жайынан жалпы 104 команда катышты.
Жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана улуттук маданий мурасты сактап, жайылтуу максатында уюштурулган кароо-сынактын алкагында таланттуу студенттер вокалдык искусство, автордук ырлар, фольклор, инструменталдык өнөр жана хореография багыттарында өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Кароо-сынакта калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында окуу жайыбыздын таланттуу студенттеринен түзүлгөн бийчилер, комузчулар жана ырчылар тобу 2-орунду багындырып, II даражадагы тастыктама жана 200 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
“Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан чыгармачыл топту куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!