“Манас” - эң жаңы жана заманбап билим берүү технологиялары, китепканалары, э- китепканасы, интерактивдүү окуу аудиториялары, студенттик клубдары менен үзгүлтүксүз билим берүүгө жана инсандык өнүгүүгө жол ачат.
“Манас” - ар кыл тармактагы 85 лабораториясы, интерактивдүү окуу аудиториялары, өлкөнүн бардык булуң-бурчуна тегиз тараган радио жана телестудиялары, заманбап университеттин талаптарына жооп берген техника жана технологиялык инфраструктурасы аркылуу билим берүү иштерин алып барат.
“Манас” - студенттер орток маданият баалуулуктарына жуурулушуп, бири-бири менен ымалада өзүн көрсөтүү социалдык иш-чараларына катышуу, эң алдыңкы жана заманбап инфраструктуранын негизинде сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
“Манас” - студенттерге билим берүүдө эл аралык маркага ээ, абройлуу жана белгилүү университетте билим алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
“Манас” - студенттерине алгач ирет түрк дүйнөсүнө таандык өлкөлөр менен бирге 13 өлкөдөн 22 тектеш элдин жаштары менен чогуу сапаттуу жогорку билим алууга жана өмүр бою бекем мамиле жана байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
“Манас” - ачык жана жабык спорт аянтчаларында жаа атуу, көк бөрү сыяктуу салттуу спорттун түрлөрү менен катар эле ар кыл спорт оюндарына кызыккан жана музыка, бий, графика сыяктуу искусство түрлөрүн үйрөнгүсү келген студенттерибизге бардык шарттарды тартуулайт.

БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ БИЙИК ЖАНА ЭРКИН КЫЛАТ!

"МАҢКУРТ” БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН КААДА-САЛТЫБЫЗГА ЫНАК БОЛУУ

Жаңылыктар


КТМУнун багыт берүү программасынын үчүнчү күнүндө студенттерге өз жашоосун башкаруу көндүмдөрү түшүндүрүлдү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) 2026–2027-академиялык жылынын багыт берүү программасынын үчүнчү күнү «Университеттин студенти катары өз жашоомо т...

18.09.2026
КТМУнун Табигый илимдер факультетинин деканы профессор, доктор Гүлбүбү Курманбекова “Даңк” ордени менен сыйланды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Табигый илимдер факультетинин деканы профессор, доктор Гүлбүбү Курманбекова илим жана академия жаатындагы эмгекте...

17.09.2026
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейландын изилдөөсү төрт томдук эмгекке айланды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейландын көп жылдык илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында даярдалган төрт томдук ...

16.09.2026

Иш-чаралар

Өзүнө ишеними бекем, изилдөөчү, жаңычыл, ишкер студенттер.

Студенттик баракчаларыбыздан жана социалдык медиа тармактарыбыздан терең маалымат алсаңыздар болот.

Университет жөнүндө


Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.