Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана КТМУнун «Түрк дүйнөсүнүн санариптик жарандыгы» сабагы «"ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ФИЛОСОФИЯ МЕКТЕБИ"» билим берүү долбоорун уюштурат. Долбоордун 1-мезгилине каттоо башталды. Долбоордун өнөктөштөрү: Сакарья университетинин Түрк дүйнөсү боюнча колдонмо жана изилдөө борбору (TÜRKMER) жана Ататүрк университети.
Түркиянын ар кайсы университеттеринен келген адис окутуучулар менен түрк дүйнөсүнүн географиясын, тилин, искусствосун жана илимин, башкача айтканда, анын ортак мурасын жана бүгүнкү күнүн талкуулайбыз.
- Башталышы: 2026-жылдын 16-октябры
- Формат: онлайн, жумасына бир сабак
- Убактысы: жума күндөрү саат 16:00 (Кыргызстан убактысы)
- Узактыгы: 8 жума
Катталуу үчүн: https://sem.manas.edu.kg/web/tr/site/apply
Сабактардын программасы:
- 16-октябрь | Түрк дүйнөсүнүн географиясы (тарыхый/азыркы): проф. д-р Адем Сезер, Ушак университети
- 23-октябрь | Түрктөрдүн исламды кабыл алышы: проф. д-р Эркан Гөксу, Докуз Эйлүл университети
- 30-октябрь | Түрк дүйнөсүндөгү тил жана адабият: проф. д-р Бүлент Байрам, Кыркларели университети
- 6-ноябрь | Түрк дүйнөсүндөгү искусство жана музыка: проф. д-р Эрдем Өздемир, Бурса Улудаг университети
- 13-ноябрь | Түрк дүйнөсүндөгү билим берүү: проф. д-р Йүжел Өксүз, Ондокуз Майыс университети / Кыргыз-Түрк «Манас» университети
- 20-ноябрь | Түрк дүйнөсүндөгү уюмдар: проф. д-р Мехмет Эмин Эрендор, Адана Алпарслан Түркеш илим жана технология университети
- 27-ноябрь | Түрк дүйнөсүндөгү илим: проф. д-р Серкан Йылдырым, Ататүрк университети / Кыргыз-Түрк «Манас» университети
- 6-декабрь | Глобалдашуу жана түрк дүйнөсү: проф. д-р Мехмет Акиф Окур, Йылдыз техникалык университети
Түрк дүйнөсүнүн орток ой мурасын таанып-билүүнү каалагандардын баарын долбоорубузда күтөбүз!