2026-жылдын 31-декабрына чейин Университетибиздин колдонуучулары үчүн “Piri Keşif Aracı”, “Piri AI” жана “LİBDİS” платформаларына сыноочу байланыш ачылды.
Аталган платформалар тууралуу кыскача маалымат төмөндө берилет.
1. “Piri Keşif Aracı” - Университетибиз жазылган маалымат базаларын, ачык жеткиликтүү ресурстарды жана китепкананын электрондук каталогун бирдиктүү платформа аркылуу издөөгө мүмкүндүк берген академиялык издөө куралы.
Бул платформа окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин илимий булактарга тез жана оңой жетүүсүн камсыз кылып, изилдөө иштерин жеңилдетет. Ошондой эле диссертацияларды издөө, мекеменин илимий басылмаларын көзөмөлдөө жана академиялык жарыялоолордун ортосундагы байланыштарды графикалык түрдө талдоо сыяктуу кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
2. “Piri AI” - академиялык изилдөө, жазуу жана мазмун даярдоо процесстеринде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзгөн платформа. Колдонуучу белгилеген темалар боюнча академиялык булактарды издеп, тиешелүү жарыяланган эмгектерди пайдалануу менен академиялык талаптарга ылайык материалдарды даярдоого жардам берет.
Автоматтык түрдө шилтемелерди жана библиографиялык көрсөтмөлөрдү түзүү, мазмунду редакциялоо, көп тилдүү колдоо жана Word форматында жүктөп алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрү аркылуу академиялык иштерди аткарууну жеңилдетет.
Piri AI платформасын колдонуу үчүн @manas.edu.kg домениндеги корпоративдик электрондук почта дарегиңиз аркылуу каттоодон өтүшүңүз керек.
3. “LİBDİS” - ар түрдүү академиялык жана тарыхый материалдар өзүнчө коллекцияларга топтолгон жана толук тексттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган маалымат базасы.
Макалалар, диссертациялар, конференция материалдары, электрондук китептер, осмон тилиндеги макалалар, эски гезиттер, медицина жана саламаттык сактоо боюнча басылмалар сыяктуу бай коллекциялары аркылуу изилдөөчүлөргө ар кандай академиялык жана тарыхый булактарды бирдиктүү платформа аркылуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Бардык окутуучуларды, изилдөөчүлөрдү жана студенттерди аталган платформаларды сыноо мөөнөтүндө колдонуп көрүүгө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга чакырабыз.
Кошумча маалымат алуу үчүн Китепканага кайрылсаңыздар болот: https://library.manas.edu.kg , library@manas.edu.kg