Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) 2026–2027-окуу жылына карата багыт берүү программасы экинчи күнүндө “Кампустун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныш” темасынын алкагында уланды. Жаңы студенттер университеттеги кампус жашоосу, саламаттыкты сактоо жана спорт мүмкүнчүлүктөрү, студенттик клубдар, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, коопсуздук кызматтары жана туруктуу өнүгүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты.
Программанын алкагында студенттердин университеттик жашоого оңой ыңгайлашуусун жана кампуста аларга сунушталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалана алуусун камсыз кылуу максатында ар түрдүү бөлүмдөр тарабынан презентациялар өткөрүлдү.
Кампустагы жашоо жана студенттерге сунушталган мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды
Саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт башкармалыгынын өкүлү Айдай Токторбекова “Кампустагы жашоо: Кайда эмне бар?” аттуу презентациясында студенттерге кампуста жайгашкан негизги бөлүмдөр жана кызматтар тууралуу маалымат берди. Презентацияда жыйындар залдары, ашканалар жана студенттик жатаканалар менен катар Саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт башкармалыгы тарабынан студенттерге сунушталган мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.
Шейит Эрен Бүлбүл атындагы Саламаттык борборунун директору Гүлфия Губайдулинна “Ден соолугум жана бакубат жашоом” аттуу презентациясында университетте көрсөтүлгөн медициналык кызматтар тууралуу айтып берди. Студенттер ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралган учурда кайрыла ала турган бөлүмдөр, Саламаттык борборунун милдеттери, андагы жабдуулар жана медициналык кызматкерлер тууралуу маалымат алышты.
Кесиптик жолду университеттен баштоо
Кесиптик өнүгүү кеңсесинин доценти, доктор Сейил Найжимудинова “Бүгүнтөн келечекке: Кесиптик жолумду кантип кура алам?” аттуу презентациясында студенттердин университетте окуп жүргөн мезгилинен тартып кесиптик пландарын түзө баштоосунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Презентацияда сабактар жана билим берүү программасы менен катар практика, дипломдук иш жана окууну аяктагандан кийин иш берүүчүлөр көңүл бура турган талаптар тууралуу сөз болду. Студенттерге техникалык жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү, стипендия мүмкүнчүлүктөрү жана Манас университетинде иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берилди.
Спорт, студенттик коомдор жана коопсуз кампус
Спорт илимдери факультетинин окутуучусу проф. д-р Фикрет Сойер “Манаста спорт жана рекреациялык мүмкүнчүлүктөр” аттуу презентациясында университеттеги спорттук жана эс алуу жайларын тааныштырды. Презентацияда дене тарбия көнүгүүлөрүнүн маанисине, ошондой эле пайдалуу жана зыяндуу адаттардын адамдын жашоосуна тийгизген таасирине көңүл бурулду.
Студенттик кеңештин төрайымы Аймери Абдыкадырова “Сөз сеники: Студенттик өкүлчүлүк, клубдар жана коомдор” аттуу презентациясында Студенттик кеңеш, студенттик коомдор жана кампуста өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Студенттер сабактар менен катар социалдык жана маданий иш-чараларга катышып, университеттик жашоонун активдүү бөлүгү болууга чакырылды.
КТМУнун Коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Абдыгапар Эстебесов тарабынан өткөрүлгөн “Коопсуз кампус: Кырсык учурунда эмне кылышым керек?” аттуу презентацияда кампустагы тартип, коопсуздук, кооптуу кырдаалдарда көрүлө турган чаралар жана өзгөчө кырдаалдар учурунда кайрыла турган бөлүмдөр тууралуу маалымат берилди.
“Жашыл Манас” менен туруктуу кампус түшүнүгү
Инженердик факультеттин ага окутуучусу, доцент Кубат Кемелов “Жашыл Манас: Айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү” аттуу презентациясында айлана-чөйрөнү коргоо түшүнүгү жана туруктуу жашоо маселелерин карады.
Студенттерге калдыктарды туура башкаруу, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, кампустун тазалыгын сактоо жана экологиялык маданият тууралуу маалымат берилип, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүүнүн маанисине басым жасалды.
Багыт берүү программасынын экинчи күнүндө өткөрүлгөн презентациялар аркылуу студенттердин университет сунуштаган мүмкүнчүлүктөр менен академиялык жактан гана эмес, социалдык, физикалык, кесиптик жана жеке өнүгүү жагынан да таанышуусу максат кылынды. Багыт берүү программасы үчүнчү күнүндө “Университеттин студенти катары өз жашоомду башкарам” темасынын алкагында уланат.