КТМУда студенттердин жатаканалары 5 жылдыздуу ыңгайлуу шарты менен жаңы академиялык жылга даяр


  • 2026-09-03

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студенттердин кампустагы жашоосун коопсуз, комфорттуу жана сапаттуу кылуу максатында ишке ашырылган инфраструктуралык инвестицияларынын маанилүү бир этабы аяктады. B жана C блок студенттик жатаканаларында, ошондой эле университеттин ашканасынын тамак жасоочу жайында жүргүзүлгөн кеңири масштабдуу оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштери аяктады.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жаңы академиялык жылдын алдында оңдоп-түзөө иштери аяктаган B жана C блок жатаканаларында жана социалдык объектилерин көрүп чыкты. Ремонт иштерин жеринде көрүп, соңку абалын баалаган ректор Жейлан тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилеринен даярдык процесси тууралуу маалымат алды.

B жана C блок студенттик жатаканалары толугу менен жаңыланды

Университеттин студенттерге сапаттуу турак-жай мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоо максатына ылайык, B жана C блок жатаканаларында жүргүзүлгөн кеңири оңдоп-түзөө иштери аяктады. Жаңылоонун алкагында жатаканалардын физикалык абалы, коопсуздугу жана колдонуу муктаждыктары эске алынып, жашоо аймактарында жакшыртуулар ишке ашырылды. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин студенттик бөлмөлөрдү эмеректер менен камсыздоо процесси башталып, эмеректерди жана керебеттерди жайгаштыруу улантылууда.

Ректор Жейлан: «Студенттерибиздин жашоо сапатын академиялык ийгиликтин бир бөлүгү катары көрөбүз»

Иштер аяктагандан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан университет билим берүү жана изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге студенттердин кампустагы жашоо сапатына да өзгөчө маани берерин баса белгиледи:

«Студенттерибиз өздөрүн коопсуз жана бейпил сезе турган, билим алуусуна көңүл бөлүүгө мүмкүндүк берген ыңгайлуу, сапаттуу жашоо шарттарын түзүүнү университетте билим алуу тажрыйбасынын маанилүү бир бөлүгү катары көрөбүз. Ушул принципке таянуу менен B жана C блок жатаканаларыбызда жаңылоо иштерин жүргүздүк. Студенттерибиз сабактан кийин эс ала турган, жеке иштерин эркин уланта турган жана күнүмдүк жашоосун беш жылдыздуу мейманкананын комфортунан кем калбаган шарттарда өткөрө турган заманбап жашоо аймактарын түздүк. Жатаканаларыбыздын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана студенттик бөлмөлөрдү бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык кайрадан иретке келтирдик. Студенттерибизди жаңы академиялык жылда өздөрүн өз үйүндөгүдөй сезе турган коопсуз, бейпил жана жогорку стандарттарга ээ чөйрөдө тосуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз».

Университет ашканасынын тамак даярдоочу бөлүмүнүy инфраструктурасы жаңыланды

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан университеттин ашканасынын тамак даярдоочу бөлүмүндө жүргүзүлгөн модернизациялоо иштерине да баа берди.

Ашкананын инфраструктурасы жаңыланып, кызмат көрсөтүү процесстерин кыйла натыйжалуу жана заманбап шарттарда жүргүзүүгө багытталган олуттуу жакшыртуулар ишке ашырылды. Жаңы өзгөртүүлөр гигиеналык стандарттарды чыңдоого, кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга жана студенттерге сунушталган тамактануу кызматтарын кыйла натыйжалуу жүргүзүүгө салым кошмокчу.

Студентке багытталган кампус инвестициялары уланууда

КТМУ билим берүү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган инвестицияларын студенттердин жашоосун жеңилдеткен кампустун инфраструктуралык иштери менен бирге улантууда. Жатакана, тамактануу жана социалдык аймактарды жакшыртуу аркылуу студенттердин академик жактан өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөткөн кампус чөйрөсүн түзүү пландалууда.

Жатакананын B жана C блокторунда, ошондой эле университеттин ашканасында аяктаган иштер КТМУнун коопсуз, жеткиликтүү, функционалдуу жана сапаттуу кампус курууга багытталган узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

    Социалдык медиада бөлүшүү