КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстандын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата жарыялаган куттуктоосунда төмөнкүдөй билдирүү жасады:
"Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!
Эгемендүүлүк – бул элдин өз келечегин өз эрки жана чечими менен аныктап, өз тилин жана маданиятын сактап, тарыхынан күч алып, эртеңки күнүн өзү курууга болгон мүмкүнчүлүгүнүн далили. Бул өңүттөн алганда, 1991-жылдын 31-августу кыргыз элинин тарыхы жаңы доордун башталышы, улуттук эрктин жана эркин жашоого болгон бекем чечкиндүүлүктүн айкын чагылдырылышы болуп калды.
Көп жылдык улуттук салты, бай маданияты, күчтүү оозеки эс тутуму жана эркиндикке болгон берилгендиги менен түрк дүйнөсүнүн байыркы элдеринин бири болгон кыргыз эли эгемендүүлүккө жетишкен күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, келечекке ишенимдүү кадам таштап келе жатат. Бүгүн көк асманда желбиреп турган кыргыз желеги – бул жерде жашаган элдин биримдигин жана жалпы эркин билдирип, ата-бабалардан мурас болуп калган баалуулуктарды, ошондой эле келечек муундарга калтырылчу көз карандысыз Ата Журт жөнүндөгү идеалын туюндурат.
Кыргыp-Түрк «Манас» университети да ушул тарыхый жолдо өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстан менен Түркиянын орток эркинин негизинде түптөлгөн университетибиз эки өлкөнүн достугунун билим берүү, илим жана маданият тармагындагы орток натыйжасы болуп саналат. Биз «Манас» университетинде билим алган ар бир жаштын заманбап билим жана көндүмдөргө ээ болушу менен катар, өзү жашаган аймактын тарыхын билүү, маданиятын таануу, улуттук жана руханий баалуулуктарын урматтоо, аларды кийинки муундарга жеткирүүгө салым кошуу жана эгемендүүлүк алып келген чоң жоопкерчиликти терең түшүнүү да маанилүү деп эсептейбиз.
Анткени эгемендүүлүктү сактап калуунун жана аны бекемдөөнүн жолу – ага жеткирген тарыхый эркти түшүнүүдөн жана келечекти билим менен кура ала турган муунду тарбиялоодон башталат. Университеттердин милдети да дал ушул жерден башталат. Илим жаратып, ой жүгүрткөн, суроо берип, изденген, адамзат алдындагы жоопкерчилигин сезген, өзүнүн ким экенине ишенимдүү болуп, дүйнө менен бекем байланыш түзө алган жаштар – эгемендүүлүктүн келечектеги эң ишенимдүү тиреги.
Манастын жеринде орун алган университетибиздин ар бир бүтүрүүчүсү алган билими, түзгөн достугу жана жараткан ар бир эмгеги менен Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык байланыштарга жаңы бир көпүрө курат. Ушул түшүнүктүн негизинде Кыргызстандын илимий, маданий, коомдук жана экономикалык өнүгүшүнө салым кошууну, түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый жана маданий мурасын келечекке жеткире турган билимдүү, жөндөмдүү инсандарды даярдоону эң маанилүү милдеттерибиздин бири деп билебиз.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында бул керемет өлкөнүн келечегине чоң үмүт менен карайбыз. Орток тарыхыбыз жана маданиятыбыз жүктөгөн жоопкерчиликти сезүү менен, бир туугандыгыбыз илим-билим аркылуу бекемделген, жаштарыбыз жалпы максаттардын айланасында бириккен, тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүргөн келечекти биргеликте кура аларыбызга ишенем.
Ушундай каалоо-тилектер менен боордош Кыргызстандын 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элине тынчтык, аманчылык жана бакубат жашоо каалайм.
Кыргызстандын желеги көк асманда ар дайым эркин желбиреп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы түбөлүккө бекем болсун деп тилейм.
31-август – Эгемендүүлүк күнү кут болсун!"
Профессор Алпаслан ЖЕЙЛАН
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору