КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан 30-август – Жеңиш майрамына карата жарыялаган билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү билдирди:
30-август – түрк элинин тарых бою көкүрөгүндө сактап келген көз карандысыздык эркинин Анадолуда кайрадан жана зор кубат менен жүзөгө ашкан улуу тарыхый бурулуш күнү. Бул күн – мекенинен, эркиндигинен жана келечегинен баш тартпаган элдин өз тагдырын өзү аныктаган күн.
Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн кол башчылыгында жүргүзүлгөн Улуу чабуул жана 1922-жылдын 30-августунда Думлупынар Колбашчылык майдан салгылашындагы жеңиш – Улуттук боштондук күрөшүнүн аскердик жактан чечүүчү жыйынтыкка алып келген тарыхый жеңиши. Түрк армиясынын кайраты, элибиздин жан аябаган курмандыгы жана Анадолунун төрт бурчунда бир максат үчүн бириккен улуттук эрк баскынчы күчтөрдү Анадолудан чыгарууга шарт түзгөн.
Бул жеңиш мүмкүнчүлүктөр чектелүү, бирок ишеним күчтүү болгон мезгилде багындырылган. Түрк эли өзүнө таңуулангысы келген тагдырды кабыл алган эмес жана көз карандысыздыгынан эч качан баш тартпай турганын бүткүл дүйнөгө көрсөткөн. Анадолунун тоолорунда, түздүктөрүндө жана фронтторунда жүргүзүлгөн күрөш акыры элдин эрки алдында эч бир басым туруштук бере албасын тарыхка жазып калтырды.
30-августтун улуулугун аңдап билүү үчүн аны ишке ашырган эркти туура баалоо зарыл. Анткени калк кээде тарыхтын агымында болсо, кээде ошол агымды өзгөртө турган күч. Улуу чабуул – түрк эли тарыхтын агымын өзгөрткөн учурлардын бири. Думлупынарда жаралган жеңиш Анадолунун чек арасынан ашып, эгемендүү жашоо эркин, улуттук көз карандысыздыкты жана өз келечегин өзү чечүү укугун айкын чагылдырды.
Ушул жагынан алганда, 30-август – Түркия Республикасынын түптөлүшүнө алып барган тарыхый жолдогу эң маанилүү босоголордун бири. Майдандардагы аскердик ийгилик кийин дипломатиялык үстөлдө өз натыйжасын берип, Түркиянын көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары эл өз ордун ээлешине мүмкүнчүлүк түзгөн. Жеңиштен кийин түптөлгөн Республика болсо бул улуу күрөштүн саясий, укуктук жана коомдук багытын келечекке багыттаган.
Биз, түрк дүйнөсүнүн орток илим жана маданият очокторунун бири болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, 30-августтун тарыхый мурасын өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз. Анткени көз карандысыздык – элдин өз тилинде сүйлөй алышы, өз маданиятын уланта алышы, өз илимин өнүктүрө алышы жана келечегин кура алышы. Университеттердин милдети да ушул эркти билим, ой жүгүртүү жана тарбиялап өстүргөн муундар аркылуу келечекке өткөрүп берүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө бизге жүктөлгөн милдет – чоң курмандыктар менен келген мурасты өткөндүн ыйык эстелиги катары гана сактап калбастан, анын бизге жүктөгөн жоопкерчилигин терең түшүнүү. Илимде күчтүү, маданиятында тамыры бекем, ой жүгүртүүсүндө эркин, дүйнөнү туура түшүнө алган жана адамзатка баалуулук жарата турган муундарды тарбиялоо – көз карандысыздык идеалынын бүгүнкү күндөгү эң баалуу көрүнүштөрүнүн бири.
Ар бир өткөн 30-августтан бизге элдин чыныгы күчү мекенине болгон берилгендиги менен катар, орток келечекти кура билүү эркинде экенин дагы бир ирет эске салат. Мындан бир кылым мурун Анадолунун жээгинде жанган ошол көз карандысыздык шамы бүгүнкү күндө да Түркия Республикасынын баалуулуктарында, институттарында, илиминде, маданиятында жана өсүп келе жаткан муундардын максат-тилектеринде жашоосун улантууда.
Ушул сезимдер жана ойлор менен 30-август – Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Улуу чабуулдун Башкы командачысы Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, анын куралдаштарын, мекен үчүн жанын берген ардактуу шейиттерибизди жана баатыр ардагерлерибизди терең урмат-сый жана ыраазычылык менен эскерем.
30-августтун көз карандысыздык руху Түркия Республикасында жана түрк дүйнөсүнүн аймагында ар дайым жашап, биримдик, өз ара тилектештик жана орток келечек идеалыбызды бекемдөөсүн каалайм.
Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору