Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркия Республикасынын Будапешт элчиси Гүлсүн Эркулду кызмат ордунда зыярат кылды.
Эки мекеменин ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо максатында уюштурулган жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жолугушууга канааттангандыгын билдирген ректор Жейлан элчи Эркулга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай байланыштар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Жолугушуу тараптардын бири-бирине ийгиликтерди каалоосу жана күндүн урматына эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.