2026-2027-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗГҮ СЕМЕСТРИНДЕГИ ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ КУРСУНУН ЖЕТИШТҮҮЛҮК, ТИЛ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫНЫН КҮНДӨРҮ ӨЗГӨРТҮЛДҮ


  • 2026-08-19

Сынактарга катталуу 2026-жылдын 03-август күнү башталат.

Сынактарга катыша турган студенттер эң кеч 2026-жылдын 02-сентябрь күнү каттоодон өтүүлөрү керек.

2026-2027-окуу жылындагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2026-жылдын 07 – 09-сентябрь күндөрү өткөрүлө турган күзгү семестрдин Жетиштүүлүк, Тил билүү деӊгээлин аныктоо жана Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз тили, түрк тили, англис тили жана/же орус тили) катталуу шарттары, аталган сынактардын баалоо критерийлери, өткөрүлө турган күнү жана сааттары төмөндөгүдөй.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Аталган сынактарга төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:

 

  • КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ЖЕТИШТҮҮЛҮК СЫНАГЫНА:

Тилден бошотуу сынагына;

  • 2026-2027-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери;
  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер;

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2026-2027-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө котормо программасында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

Эскертүү: Кыргыз тили боюнча жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер да онлайн каттоодон өтүшү керек.

 

  • ТҮРК ТИЛИНЕН БОШОТУУ СЫНАГЫНА:
  • 2026-2027-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери;
  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер катыша алышат.

 

  • АНГЛИС ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ТИЛ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫНА:
  • 2026-2027-окуу жылында даярдоо курсунда англис тилин милдеттүү түрдө окуй турган Финансы жана кредит бөлүмү, Эл аралык мамилелер бөлүмү, Экономика бөлүмү, Менеджмент бөлүмү, Филология бөлүмүнүн Англис тили жана адабияты программасы жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче котормо программасынын студенттери;
  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер катыша алышат.

 

  • ОРУС ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ЖЕТИШТҮҮЛҮК СЫНАГЫНА:

Тилден бошотуу сынагына;

  • 2026-2027-окуу жылында даярдоо курсунда орус тилин милдеттүү түрдө окуй турган Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программасынын чет элдик (Кыргыз Республикасынын жараны эмес) студенттери;
  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда орус тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2024-2025 окуу жылында даярдоо курсунда орус тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер;

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2026-2027-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программасында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

Эскертүү: Орус тили боюнча жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер да онлайн каттоодон өтүшү керек.

 

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ДАРЕГИ:

Чет тилдер жогорку мектеби, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы имараты, Ч. Айтматов проспектиси №56, Бишкек шаары.

 

СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ

Тил үйрөтүү курсунун Жетиштүүлүк, Тил билүү деӊгээлин аныктоо жана Тилден бошотуу сынактарынын күнү жана убактысы төмөнкүдөй:

СЫНАКТЫН ТИЛИ

КҮНҮ

УБАКТЫСЫ

1.

ТҮРК ТИЛИ

08/09/2026

10.00

2.

КЫРГЫЗ ТИЛИ

09/09/2026

10.00

3.

АНГЛИС ТИЛИ

07/09/2026

10.00

4.

ОРУС ТИЛИ

07/09/2026

10.00

 

СЫНАКТЫН БААЛООСУ

Даярдоо курсундагы Тилден бошотуу сынактарынын (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана кытай тили) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ СЫНАК

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

3.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

4.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  1. Аталган сынактарга катыша турган студенттерибиз 2026-жылдын 02-сентябрь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 23:59га чейин https://admission.manas.edu.kg/ydyo/ дареги аркылуу онлайн катталуулары зарыл.
  2. Каттоо баракчасында талап кылынган маалыматтардын толук жана катасыз толтурулушу шарт.
  3. Талапкерлер онлайн каттоо учурунда санариптик форматта даярдала турган "Сынакка катышуу баракчасын" сынак күнү өздөрү менен бирге алып келүүлөрү тийиш.
  4. Сынак башталардан мурун сынак байкоочулары тарабынан өздүктү тастыктоочу документтерди (паспортту) текшерүү жүргүзүлөт. Талапкердин "Сынакка катышуу баракчасы" жана өздүгүн тастыктоочу документинин (студенттик билетинин же паспортунун) түп нускасы жок болсо, сынакка катыштырылбайт.
  5. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.
  6. Сынак алуучу тарабынан зарыл болгон текшерүү иши аткарылуусу үчүн сынактан эң аз 20 мүнөт мурун тиешелүү сынак жайында болуу зарыл.
  7. Студенттер сынак алуучу айткан эрежелерге баш ийүүсү керек.
  8. Сынакта бир гана калем колдонулат.
    Социалдык медиада бөлүшүү