Университетибиз менен Кютахья Думлупынар Университети (Түркия) арасында түзүлгөн Erasmus+ KA171 макулдашуусунун алкагында, төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн бөлүмдөр жана билим берүү деңгээлдери боюнча студенттерден (1 квота) 2026-2027-окуу жылынын күз семестрине арыздар кабыл алынат.
| Бөлүм | Билим берүү деңгээли |
|---|---|
| Бизнести башкаруу | Бакалавр, Магистратура, Доктарантура |
| Экономика | Бакалавр, Магистратура, Доктарантура |
| Мамлекеттик финансы | Бакалавр |
| Эл аралык мамилелер | Бакалавр, Магистратура |
| Социология | Бакалавр, Магистратура, Доктарантура |
| Котормо иши (Кыргыз-Англис программасы) | Бакалавр |
| Англис тили жана адабияты | Бакалавр, Магистратура |
| Түркология | Бакалавр, Магистратура, Доктарантура |
| Тарых | Бакалавр, Магистратура, Доктарантура |
Арыз берүү шарттары:
Бакалавриаттын 3-курс студенттери арыз бере алышат. Орточо балл (GPA) 3.00-дон кем болбошу керек.
Магистратура жана доктарантура студенттери сөзсүз түрдө сабак өтүү баскычында болушу керек. Орточо балл (GPA) 3.50-дон кем болбошу керек.
Талапкерлер англис тилин кеминде B1 деңгээлинде билиши шарт.
Арыз берүү үчүн студенттерден талап кылынган документтер:
Арыз документтери Эл аралык мамилелер бөлүмүнө өз колу менен тапшырылышы керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 20-августу, саат 17:00гө чейин