Ректор Алпаслан Жейлан ишкерлерди кабыл алды


  • 2026-07-14

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, TANFER Group компаниясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Танфер Талат Мехмет жана аны коштогон делегация Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери талкууланып, жогорку билим берүү, экономика жана ишкердик тармактарында биргелешип ишке ашырылуучу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышуу болду.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өз салымын кошууну улантарын белгилеп, университет эл аралык өнөктөштөр менен жүргүзүлүп жаткан кызматташтыктарга өзгөчө маани берерин билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү