Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата жарыялаган кайрылуусунда бул күндүн тарыхый маанисине, демократиялык аң-сезимге жана улуттук эрктин баалуулугуна байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:
“Тарыхта элдерди сактап келген эң күчтүү күч – бул жалпы баалуулуктардын айланасына бириге билген эрк. 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү Түркия Республикасы дал ушундай эрктин эң таасирдүү үлгүлөрүнүн бирине күбө болду. Элдин демократияны, укуктук тартипти жана мыйзамдуу мамлекеттик түзүлүштү коргоодогу чечкиндүүлүгү тарыхта унутулгус окуя катары калды.
15-июль – бул жөн гана мамлекеттик төңкөрүш аракетинин алдын алуу менен чектелген күн эмес. Ал демократиялык легитимдүүлүк, улуттук эрк жана коомдук тилектештик ар кандай антидемократиялык аракеттерден жогору турарын ачык көрсөткөн тарыхый бурулуш учур болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда, 15-июль келечек алдындагы жалпы жоопкерчилигибизди дагы бир жолу аңдап-туюуга мүмкүнчүлүк берген күчтүү тарыхый эс тутум болуп эсептелет.
Университеттер бул тарыхый эс-тутумду сактоодо жана аны кийинки муундарга туура жеткирүүдө өзгөчө жоопкерчиликке ээ. Билим өндүрүлгөн, сынчыл ой жүгүртүү өнүккөн жана демократиялык маданият калыптанган жогорку окуу жайлары эркин ой жүгүртүүнү, мыйзам үстөмдүгүн, адамдын кадыр-баркын жана коом алдындагы жоопкерчиликти бириктирген мекемелер болуп саналат. Жаштарыбыздын кесиптик билим жана даярдык менен катар күчтүү тарыхый аң-сезимге, демократиялык баалуулуктарга жана этикалык жоопкерчилик түшүнүгүнө ээ болуп тарбияланышы өлкөбүздүн келечеги үчүн өзгөчө маанилүү.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары тынчтыкты, мыйзам үстөмдүгүн, демократиялык баалуулуктарды, илимий эркиндикти жана улуттар аралык достукту чыңдоону негизги жоопкерчиликтерибиздин бири катары көрөбүз. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү, маданият жана илим тармагындагы кызматташтыкты эл аралык укуктун, эки мамлекеттин эгемендүү эркинин жана расмий институттарынын негизинде өнүктүрүүнү узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн кепилдиги катары баалайбыз. Өз ара ишенимге жана институционалдык негиздерге таянган кызматташтык жалпы тарыхыбыздан жана орток баалуулуктарыбыздан күч алган достук байланыштарды мындан ары да бекемдей турганына ишенебиз. Бул кызматташтыктын кийинки муундарга ишенимдүү түрдө өткөрүлүп берилерине болгон ишенимибиз бекем.
15-июль окуяларынын 10 жылдыгында «Эрк – биздики, жеңиш – биздики» деген түшүнүк менен элибиз көрсөткөн баатырдык күрөштү дагы бир жолу урмат-сый менен эскеребиз. Мекенибиздин, элибиздин жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгы үчүн жанын курман кылган шейиттерибизге терең таазимибизди билдиребиз, ал эми баатыр ардагерлерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык айтабыз.
Демократияны, укуктук мамлекетти жана улуттук эркти коргоого болгон чечкиндүү позициябызды дагы бир жолу бекем ырастайбыз."
Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору