Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультети тарабынан 2026-жылдын 14–15-июль күндөрү уюштурулуп жаткан адистик сынактары абитуриенттердин активдүү катышуусу менен башталды.
Машыктыруучуларды даярдоо жана дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуу максатында өткөрүлүп жаткан сынактарда талапкерлер физикалык көрсөткүчтөрдү баалоочу ар кандай сынактардан өтүп, өздөрүнүн билимин, жөндөмүн жана физикалык даярдыгын көрсөтүү менен «Манастын» студенти болуу үчүн күч сынашууда.
Сынактар өтүп жаткан Спорт илимдери факультетине келген ректор, профессор Алпаслан Жейлан сынак аянтчаларын кыдырып көрүп, уюштуруу иштери тууралуу жооптуу кызматкерлерден маалымат алды. Ошондой эле абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушкан ректор Жейлан алар менен баарлашып, ийгилик каалады.
Сынак процессинде эмгектенип жаткан академиялык жана административдик кызматкерлерге жигердүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирген профессор Жейлан адистик сынактарынын ачык, объективдүү жана сапаттуу өткөрүлүшү чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бардык абитуриенттерге ийгилик каалады.
Спорт илимдери факультетинин адистик сынагынын жыйынтыктары 2026-жылдын 16-июлунда жарыяланат. Ал эми жайгаштыруу жана каттоо иштери 2026-жылдын 17-июлунда жүргүзүлөт.