MANAS-ÖSYS 2026нын жыйынтыгы жарыяланды: Ийгиликтүү абитуриенттер үчүн кесип тандоо баскычы башталды


  • 2026-07-07

2026-жылдын 5-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университети өткөргөн MANAS-ÖSYS 2026 (Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы)нын жыйынтыгы жарыяланды. Сынактан минималдуу өтүү упайын топтогон абитуриенттер үчүн кесип тандоо этабы 8-июлдан тартып башталды.

Кыргызстандын бардык аймактарынан чоң кызыгуу менен өткөн MANAS-ÖSYS 2026га жалпысынан 17 миң 300 абитуриент катышты. Баалоо иштери аяктагандан кийин кесип тандоо укугуна ээ болгон талапкерлер 2026-жылдын 8–10-июль күндөрү электрондук тандоо системасы аркылуу университеттин бакалавриат билим берүү программаларын тандай алышат.

Ийгиликтүү абитуриенттер тандоосун электрондук система аркылуу жүргүзүшөт

MANAS-ÖSYS 2026нын жыйынтыгында минималдуу өтүү упайын алган абитуриенттер өздөрүнүн жеке колдонуучу аты жана сырсөзү аркылуу электрондук тандоо системасына кирип, алган упайына ылайык келген билим берүү программаларынын арасынан тандоо жүргүзүшөт.

Жайгаштыруу иштеринде талапкерлердин 2026-жылдагы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы, тандоо ирети, программалардын кабыл алуу квоталары жана белгиленген жайгаштыруу эрежелери негиз катары алынат.

Эгер бир эле программага бирдей упай алган талапкерлер кайрылса, биринчи кезекте тиешелүү программа үчүн негизги эсептелген сабактар боюнча алган упайлары эске алынат. Эгер теңдик сакталса, анда ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жайгаштыруу жүргүзүлөт.

Жайгаштыруу жыйынтыгы боюнча болжол менен 1300 абитуриент Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин факультеттеринде, жогорку мектептеринде жана кесиптик жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эки тилдүү академиялык билим алууга даярдык

Университетке кабыл алынган студенттер окууну баштоодон мурда бир жылдык түрк жана кыргыз тилдери боюнча даярдоо программасынан өтүп, эки тилдүү академиялык билим берүү чөйрөсүнө даярданышат.

Даярдоо программасын ийгиликтүү аяктап, талап кылынган тил деңгээлин көрсөткөн студенттер өздөрү кабыл алынган адистиктер боюнча окуусун улантышат. Ал эми даярдоо программасына чейин өткөрүлө турган тил боюнча бошотуу сынагынан ийгиликтүү өткөн студенттер даярдоо курсун окубастан эле түздөн-түз өз адистиги боюнча билим ала башташат.

Ректор Алпаслан Жейлан: «Эми келечегиңерди аныктай турган маанилүү тандоо жасоо учур келди»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кесип тандоо өнөктүгүнүн башталышына байланыштуу ийгиликтүү абитуриенттерди куттуктап, төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«MANAS-ÖSYS 2026нын жыйынтыгында кесип тандоо укугуна ээ болгон бардык абитуриенттерибизди жана аларды бүгүнкү күнгө чейин колдоп келген урматтуу ата-энелерин чын жүрөктөн куттуктайм. Эми сиздерди келечегиңиздерди аныктай турган эң маанилүү тандоо күтүп турат. Өзүңүздөрдүн кызыгууларыңызды, жөндөмдөрүңүздөрдү жана кесиптик максаттарыңызды эске алуу менен туура жана аң-сезимдүү чечим кабыл аларыңыздарга ишенем.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети күчтүү профессордук-окутуучулук курамы, эл аралык деңгээлдеги билим берүү системасы, илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрү жана көп маданияттуу кампус чөйрөсү аркылуу дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү билимди, көндүмдөрдү жана кеңири дүйнө таанымды калыптандырууда.

Кесип тандоо баскычы аяктагандан кийин “Манас” үй-бүлөсүнө кошула турган жаңы студенттерибизди азыртан эле чоң кубаныч менен күтүп жатабыз. Университетибизди тандаган ар бир жаш илимге, технологияга, маданиятка жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон, өз өлкөсүнө жана жалпы адамзатка пайда алып келген инсан болуп жетилет деп терең ишенем.

Ошону менен катар быйыл чоң эмгек жумшап сынак тапшырганына карабастан университетибизге өтпөй калган абитуриенттерибизден жана алардын урматтуу ата-энелеринен үмүттөрүн үзбөөнү өтүнөм. Билим алуу жолу бир гана сынак менен чектелбейт. Талыкпаган эмгек, чечкиндүүлүк жана өзүн тынымсыз өнүктүрүү – ийгиликтин эң башкы ачкычы. Ар бир жаштын дарамети сөзсүз түрдө өз убагында жана туура мүмкүнчүлүк жаралганда өз жемишин берет деп ишенем. Алардын билим алуу жолунда ийгиликтерди каалайм жана келечекте ар кандай мүмкүнчүлүктөрдө жолдорубуз кайрадан кесилишине тилектешмин.

Быйылкы сынакка катышкан бардык абитуриенттерибизге көрсөткөн аракеттери жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Кесип тандоо баскычы өздөрү жана үй-бүлөлөрү үчүн ийгиликтүү жана берекелүү жыйынтыктарды алып келсин деп каалайм.»

    Социалдык медиада бөлүшүү