ТИКАнын Кыргызстандагы координаторлугуна жаңы дайындалган Эрсин Чопур жана Мехмет Бодур Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга иш сапары менен барды.
«Манас» университетинде өткөн жолугушууда эки мекеменин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.