Профессор, доктор Фуат Сезгинди терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскеребиз


  • 2026-06-30

Ислам илимдеринин тарыхы жаатындагы теңдешсиз эмгектери менен дүйнөлүк илимий коомчулукка зор салым кошкон, бүт өмүрүн илимий изилдөөлөргө жана ислам цивилизациясынын бай илимий мурасын дүйнөгө таанытууга арнаган көрүнүктүү окумуштуу профессор, доктор Фуат Сезгинди терең урмат жана ыраазычылык менен эскеребиз.

Профессор, доктор Фуат Сезгин илим тарыхына кошкон баа жеткис эмгектери, адамзатка багыт көрсөткөн илимий изилдөөлөрү жана илимге арналган өрнөктүү өмүр жолу менен өлкөбүздүн дүйнөгө таанылган көрүнүктүү окумуштууларынын бири катары тарыхта өзгөчө из калтырды. Анын илимий эмгектери ислам цивилизациясынын илим менен технологиянын өнүгүшүнө кошкон салымын эл аралык академиялык коомчулукка ишенимдүү далилдер аркылуу таанытып, кийинки муундар үчүн түгөнгүс дем-күч жана шык булагына айланды.

Илимге болгон чексиз берилгендиги, кажыбас эмгеги жана жогорку жоопкерчилиги менен эл эсинде калган профессор, доктор Фуат Сезгиндин артында калган бай илимий мурас адамзаттын жалпы маданий казынасын мындан ары да байытып, илим дүйнөсүнө жарык чачууну улантат.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, илим дүйнөсүнө теңдешсиз салым кошкон кадырлуу окумуштуу профессор, доктор Фуат Сезгинди дагы бир жолу терең урматтоо, ыраазычылык жана таазим менен эскеребиз.


Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

 

    Социалдык медиада бөлүшүү