Акыркы күндөрү айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “Манас” университетинин уруксатсыз жатакана куруу иши токтотулду” деген мазмундагы маалыматтар жана бул маселе боюнча коомчулуктун түрдүү пикирлери жарыяланып жаткандыктан, коомчулукка так маалымат берүү максатында төмөнкүдөй билдирүү жасоо муктаждыгы жаралды.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда курула баштаган 1100 орундуу кыздар жатаканасынын курулушу студенттердин жашоо жана билим алуу шарттарын жакшыртууга багытталган маанилүү инвестициялык долбоор болуп саналат.
Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн архитектура, шаар куруу, инженердик инфратүзүм, экология жана техникалык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан (Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ж.б.) тиешелүү уруксат алынган. Уруксат алуу иштери толук аяктагандан кийин ачык тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 2026-жылдын 1-июнунда тендерди утуп алган компания менен келишим түзүлгөн.
Келишимдин шарттарына ылайык, подрядчы компания 2026-жылдын 4-июнунда Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментине курулуш иштерин баштоо боюнча тиешелүү маалыматтарды берип, керектүү документтерди тапшырган. Ошол эле учурда курулуш аянтын уюштуруу, убактылуу объекттерди орнотуу, коопсуздук шарттарын камсыз кылуу, инженердик инфратүзүм куруу, ошондой эле инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча даярдык иштерин жүргүзө баштаган. Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарына, укуктук мамлекеттин принциптерине жана институционалдык жол-жоболорго ылайык, жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен жүргүзүлгөн.
Бул курулуш коомчулукка тараган айрым билдирүүлөрдө айтылгандай, уруксатсыз же мыйзамсыз курулуш эмес экендигин өзгөчө баса белгилейбиз. Курулуш тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосунан өткөн жана макулдашуулардын негизинде мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн инвестиция катары башталган. Бирок, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан 2026-жылдын 11-июнунда (бир күн мурун) жөнөтүлгөн катта (тиркемеде берилди) кампуста курула турган студенттик жатакана боюнча буга чейин курулуш жана шаардын планына туура келет деп берилген корутундунун (13.03.2026-жылы берилген) жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирилген. Бул жагдай курулуш иштеринин бардык тиешелүү уруксаттар алынгандан кийин башталганын, ал эми учурда талкууланып жаткан маселенин курулуш башталгандан кийин гана кабыл алынган административдик чечимге байланыштуу келип чыкканын көрсөтүп турат. Демек, айрым маалымат каражаттарында айтылган “уруксатсыз имарат куруу” же “мыйзамсыз курулуш” деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана коомчулукта туура эмес пикир жаратууда.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекеттин принциптерин жана институционалдык ачык-айкындык түшүнүгүн карманган жогорку окуу жайы катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин урматтайт жана бардык иштерин мыйзам чегинде жүргүзөт.
30 жылдык тарыхында Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданиятынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келе жаткан университетибиз студенттердин билим алуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну мындан ары да чечкиндүүлүк менен улантат.
Ушул билдирүүнү тереӊ урматыбыз менен коомчулуктун назарына сунабыз.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты