КООМЧУЛУККА МААЛЫМАТ


  • 2026-06-11

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан университеттин кампус аймагынан жол өткөрүү боюнча аракеттер улантылып, бул маселе коомчулукта талкууланууда. Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары кампустун ичинен жол өткөрүүгө багытталган аракеттерге каршы экенибизди ачыкча билдиребиз.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети – Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда эки мамлекеттин орток демилгелери менен эл аралык келишимдин негизинде түзүлүп, кызматташтыкты чагылдырган эл аралык статуска ээ жогорку окуу жай болуп саналат. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин негизги миссиясы — Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн жаш муундарына сапаттуу илим жана билим берүү. 30 жылдык терең тамырга ээ тарыхый жылдар бою даярдап чыгарган болжол менен 16000 миң бүтүрүүчү аркылуу Кыргызстандын академиялык, социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө салым кошууну улантып келебиз. Учурда болжол менен 7000 студентке туруктуу өнүгүүгө багытталган жана жаратылыш менен шайкеш келген жашыл кампуста эл аралык стандарттарга ылайык келген толугу менен акысыз жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Билим берүү, илимий изилдөө жана коомго кызмат көрсөтүү жаатындагы жетишкендиктерибиздин натыйжасында дүйнөлүк университеттер рейтингинде алгачкы 1000 университеттин катарына кирип, ал эми Орто Азияда алгачкы 10 университеттин катарында ордун тапты. Ушул жаатта Кыргызстандан эл аралык рейтингдерде алгачкы 1000 университеттин катарына кирген жалгыз университет болуп саналат.

Кампустук университет болуу — билим берүү, илимий изилдөө жана студенттик жашоону бирдиктүү алып жүргөн өзгөчө мейкиндик деген түшүнүктү туюндурат. Кампустун бүтүндүгүн сактоо студенттердин коопсуздугу, билим берүү ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүлүшү жана университеттин келечекке багытталган өнүгүү концепциясы үчүн олуттуу болуп саналат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары коомдук кызыкчылыкты көздөгөн ар кыл өңүттө конструктивдүү баарлашууга ачык экенибизди баса белгилөө менен катар, ушул процесстин эл аралык милдеттенмелерди жана институционалдык укуктар алкагында ишке ашырылуусун күтөөрүбүздү өзгөчө билдиребиз.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, университеттин кампусуна атын берген жана университетти «тарыхтын берген эң мыкты белеги» деп баалаган залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганынын 18-жылдыгын терең урматтоо менен ыраазычылык билдирип, эскеребиз.

Коомчулукка урматтоо менен билдирилет.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты

    Социалдык медиада бөлүшүү