Кыргыз-Түрк "Манас" университети жасалма интеллект жана санариптик трансформация жаатында түрк дүйнөсүнүн академиялык кызматташтыгын чыңдоону көздөгөн маанилүү эл аралык илимий иш-чара өткөрдү. Быйыл алгач ирет уюштурулуп жаткан “I Эл аралык Түрк дүйнөсүнүн жасалма интеллект жана санариптик трансформация конгресси” ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана технология адистерин бир академиялык аянтчага чогултту.
КТМУнун Табиггый илимдер факультетинин Колдонмо математика жана информатика бөлүмү тарабынан уюштурулган конгресс Анадолу университети, Анкара университети, Ататүрк университети, Сивас Жумхурийет университети, Фырат университети, Кападокия университети жана Кастамону университети менен биргеликте өткөрүлүүдө. Эки күнгө созула турган иш-чарада 11 секциянын алкагында 115 илимий баяндама офлайн жана онлайн форматта сунушталат.
Конгресстин алкагында жасалма интеллект, чоң маалыматтарды талдоо, машиналык үйрөнүү, терең үйрөнүү, маалымат коопсуздугу, акылдуу системалар, санариптик билим берүү технологиялары, киберкоопсуздук жана санариптешүүнүн коомдук таасирлери сыяктуу заманбап өзгөрүүлөрдүн негизги багыттары көп тармактуу академиялык көз карашта талкууланат.
“Манас университети санариптик трансформациянын аймактык борборлорунун бири болууну максат кылууда”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан конгресстин ачылыш аземинде жогорку окуу жайлары доордун илимий өзгөрүү процесстерине багыт берген стратегиялык борборлор болушу керектигин белгиледи. Ректор илимий жаңычылдыкты жаратуу бүгүнкү күндө университеттер үчүн негизги милдеттердин бирине экендиги, ошондой эле өзгөрүп жаткан дүйнө жаңыча ой жүгүртүүнү жана жаңы академиялык ыкмаларды талап кылып жатканын билдирди.
Жасалма интеллект жана санариптик трансформация жаатындагы өнүгүүлөргө ылайык университеттин курамында жасалма интеллект жана киберкоопсуздук бөлүмдөрү ачылганын билдирген профессор Жейлан "Манас" университети Борбор Азиядагы санариптик трансформация процесстеринде алдынкы ролду аркалоону көздөп жатканын айтты. Ошондой эле ал университет күчтүү академиялык инфраструктурасы жана эл аралык кызматташтыктары аркылуу келечектин технологияларына багыт берген борборлордун бири болуу миссиясын улантып жатканын белгилеп, түрк дүйнөсүнүн биргелешкен билим өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө академиялык тилектештиктин стратегиялык маанисине токтолду. Профессор Жейлан конгресс жаңы ачылган академиялык программалардын илимий багытын аныктоого да олуттуу салым кошорун айтып, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармагындагы талкуулар аймактык деңгээлде жаңы изилдөө экосистемаларынын калыптанышына өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Профессор Эржан Челик: “Түрк дүйнөсү жасалма интеллект экосистемасында күчтүү болушу керек”
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Табигый илимдер факультетинин Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн окутуучусу жана конгресстин төрагасы профессор Эржан Челик конгресстин негизги максаттарынын бири түрк дүйнөсүнүн орток тил, маданият жана илимий потенциалын технология аркылуу дагы ачык көрсөтүү экенин белгиледи. Ал тармактар аралык кызматташтыктын маанисине токтолуп, жасалма интеллект жаатындагы заманбап өнүгүүлөрдү биргелешкен академиялык өндүрүш процесстери менен колдоо аймактык технологиялык мүмкүнчүлүктү күчөтөрүн айтты. Профессор Челик конгресс ар түрдүү тармактагы изилдөөчүлөрдү бир аянтчага чогултканын белгилеп, илимий тажрыйба алмашуу маданиятынын өнүгүшү түрк дүйнөсүнүн глобалдык жасалма интеллект экосистемасындагы атаандаштык жөндөмүн арттырарын баса белгиледи.
Улуттук коргоо университетинин проректору, профессор Сердар Салман Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы илимий кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанисине токтолуп, биргелешкен академиялык долбоорлор жана изилдөөлөр эки өлкөнүн интеллектуалдык байланышын бекемдей турганын айтты.
Жасалма интеллекттин чектери талкууланды
Конгресстин чакырылган баяндамачыларынын бири, Фырат университетинин окутуучусу профессор Ахмет Бедри Өзер “Жасалма интеллекттин чектери жана жасалма интеллект агенттери” аттуу баяндамасында жасалма интеллекттин когнитивдик мүмкүнчүлүктөрүн, этикалык чектерин жана келечектеги коркунучтарын талкуулады. Анын айтымында, жасалма интеллект маалыматка негизделген анализ жүргүзүүдө күчтүү мүмкүнчүлүккө ээ болсо да, адам акылы тажрыйба, этикалык баамдоо жана сынчыл ой жүгүртүү жагынан өзүнүн негизги ролун сактап калууда. Профессор Өзер баяндамада чоң тил моделдери менен жасалма интеллект агенттеринин функционалдык айырмачылыктарына токтолуп, коопсуздук, маалымат сапаты, этикалык тобокелдиктер жана технологияны башкаруу маселелерин да талкуулады.
Билим берүүдө жасалма интеллекттин өзгөртүүчү потенциалы каралды
Конгресстин дагы бир чакырылган баяндамачысы, Стамбул университетинин окутуучусу профессор Вейсел Бозкурт “Түркияда билим берүү максатында жасалма интеллектти колдонуу” аттуу баяндамасында жасалма интеллекттин билим берүү процессине тийгизген таасирин баалады. Ал жасалма интеллект окуу процессин колдоочу маанилүү курал экенин айтып, технология сынчыл ой жүгүртүүнүн ордун басуучу эмес, аны колдоочу механизм катары каралышы керектигин белгиледи.
Профессор Бозкурт мугалим менен окуучунун өз ара байланышы билим берүү процессинин негизги элементи бойдон каларын айтып, билим берүү тармагындагы технологиялык өзгөрүүлөр адам борборлуу педагогикалык ыкмалар менен катар жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Семинарлар теориялык билимди практика менен айкалыштырды
Конгресстин алкагында уюштурулган семинар программалары да чоң кызыгуу жаратты. Назарбаев университетинин окутуучусу, профессор Хүсейин Атакан өткөргөн “Ресурсу чектелген шарттар үчүн продуктивдүү жасалма интеллект өнүмдөрүн жана кызматтарын кантип түзүүгө болот?” аттуу семинарда чектелүү маалымат жана инфраструктура шартында иштелип чыга турган жасалма интеллект чечимдери талкууланды. Айрыкча ресурсу аз тилдер үчүн туруктуу жасалма интеллект экосистемаларын түзүү боюнча ойлор өзгөчө көңүл бурдурду.
Бакалавр студенттерине арналган экинчи семинарда болсо Фырат университетинин окутуучусу, доктор Мурат Айдоган тарабынан “RAG негизиндеги чатбот иштеп чыгуу” темасында практикалык сабак өткөрүлдү. Катышуучулар Retrieval-Augmented Generation архитектурасынын негизги принциптери жана заманбап чатбот иштеп чыгуу процесстери боюнча техникалык маалымат алышты.
Жасалма интеллекттин көп багыттуу таасирлери тармактар аралык көз карашта талкууланды
Конгресстин биринчи күнүндө өткөн параллелдүү сессияларда жасалма интеллекттин инженерия, саламаттык сактоо, билим берүү, тил технологиялары, коммуникация, айыл чарба жана маданий изилдөөлөргө тийгизген таасири каралды. Терең үйрөнүүгө негизделген саламаттык сактоо колдонмолору, акылдуу айыл чарба системалары, табигый тилди иштетүү технологиялары, чоң тил моделдери, жасалма интеллектке негизделген билим берүү системалары жана санариптик коммуникация стратегиялары сыяктуу темалар практикалык мисалдар менен сунушталды.
“Жасалма интеллектке негизделген инженерия, саламаттык сактоо жана акылдуу система колдонмолору” аттуу секцияда электрокардиография маалыматтарын терең үйрөнүү ыкмалары менен классификациялоо, жасалма интеллектке негизделген мобилдүүлүк чечимдери, айыл чарбасындагы ооруларды аныктоо жана акылдуу сугаруу системалары, жол кыймылынын көлөмүн божомолдоо моделдери, кыска мөөнөттүү аба ырайын болжолдоо системалары, банк тармагындагы алдамчылыкты аныктоо жана API коопсуздугу, ошондой эле көкүрөк рентген сүрөттөрү аркылуу пневмонияны аныктоо сыяктуу актуалдуу изилдөөлөр талкууланды. Ошондой эле жасалма интеллект аркылуу музыка жаратуунун жаштарга тийгизген таасирин изилдеген эмгектерде генеративдүү жасалма интеллекттин маданий жана психосоциалдык аспектилери да каралды.
“Табигый тилди иштетүү, чоң тил моделдери жана санариптик технологиялар” аттуу секцияда банк секторунда жасалма интеллектке негизделген чалуу-борбор колдонмолору, кирилл OCR жыйынтыктарын чоң тил моделдери аркылуу жакшыртуу, кыргыз тили үчүн диалектке сезимтал автоматтык сүйлөөнү таануу системалары, параметрди үнөмдүү жөндөө ыкмалары аркылуу түркчө чоң тил моделдерин адаптациялоо, түрк дүйнөсүнө арналган жаңдоо тилин таануу системалары, кыргызча жасалма интеллект ресурстарын өнүктүрүү, генеративдүү жасалма интеллект аркылуу сабак даярдоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, түрк мамлекеттериндеги жасалма интеллектке негизделген санариптик трансформация жана жасалма интеллекттин экономикалык таасирлери сыяктуу темалар каралды.
“Билим берүү, коммуникация жана коомдук трансформация контекстиндеги жасалма интеллект колдонмолору” секциясында болсо жасалма интеллект жана нейрондук машиналык котормодогу маданий-семантикалык жетиштүүлүк, жасалма интеллект технологияларынын казак тилин окутуудагы натыйжалуулугу, университет студенттериндеги генеративдүү жасалма интеллект менен саламаттык сабаттуулугунун байланышы, санариптик доордо маданий дипломатия жана жасалма интеллектке негизделген коммуникация стратегиялары, студенттердин жөндөмүнө жараша билим багытын аныктоочу акылдуу жардамчы системалар, балдар адабиятындагы санариптик баяндардын окурманга тийгизген таасири, чет тил окутууда виртуалдык реалдуулукка негизделген колдонмолор жана билим берүүдө сынчыл ой жүгүртүүнүн жасалма интеллект контекстиндеги өзгөрүүсү сыяктуу маселелер талкууланды. Баяндамалар жасалма интеллект жөн гана техникалык жаңылык эмес, саламаттык сактоо, билим берүү, тил технологиялары, айыл чарба, коммуникация жана маданий изилдөөлөр баш болгон коомдук жашоонун көптөгөн тармактарына өзгөртүүчү таасир берип жатканын көрсөттү. Конгресс учурундагы академиялык тажрыйба алмашуулар түрк дүйнөсүндө биргелешкен технология өндүрүү жана илимий кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү негиз түздү.
Конгресстин экинчи күнүндө жасалма интеллекттин заманбап колдонмолору талкууланат
Конгресстин экинчи күнүндө өтө турган онлайн сессияларда жасалма интеллектке негизделген видео өндүрүү технологиялары, киберчабуулдарды аныктоо системалары, медициналык сүрөт иштетүү колдонмолору, акылдуу шаар коопсуздугу, энергия жана экологияга байланыштуу тобокелдик анализдери, ошондой эле жасалма интеллект агенттеринин адам кабылдоосуна тийгизген таасири сыяктуу актуалдуу темалар талкууланат.