Билим берүүдөн тарта социалдык жоопкерчиликке чейинки бардык тармактарда "Университеттен да артык" түшүнүгүн иш жүзүнө ашырып келген Кыргыз-Түрк "Манас" университети студенттерге багытталган камкордугун кезектеги маанилүү тилектештик долбоору менен дагы бир жолу далилдеди. Университеттин салтка айланган кайрымдуулук жарманкеси бул жылы да муктаж болгон студенттерге колдоо көрсөткөн күчтүү социалдык долбоорго айланды.
КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчасында жайгашкан "Оба" чай бакчасында өткөрүлгөн салтка айланган кайрымдуулук жарманкеси Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин академиялык жана административдик кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жубайларынын салымы менен уюштурулду. Университет жамаатын бирдиктүү жакшылык иштерине бириктирген бул иш-чара тилектештиктин, бөлүшүүнүн жана социалдык жоопкерчилик сезиминин эң мыкты үлгүсү катары өзгөчөлөндү.
КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору Незахат Жейландын жетекчилиги астында жыл сайын уюштурулуп келген кайрымдуулук жарманкесинен түшкөн каражат бул жылы да университетте ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан "Кийим-кече бөлүшүү" долбооруна жумшалды. Муну менен социалдык жоопкерчилик багытында жүргүзүлгөн бул маанилүү иш-чара студенттердин муктаждыктарын түздөн-түз камсыз кылган туруктуу колдоо моделине айланды.
Долбоор тууралуу пикирин билдирген профессор Незахат Жейлан бул иш аракет материалдык колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, университеттин ичиндеги тилектештик жана бөлүшүү маданиятын дагы да бекемдегенин баса белгиледи. Профессор Жейлан долбоорго салым кошкон академиялык жана административдик кызматкерлерге, алардын жубайларына жана жалпы "Манас" университетинин жамаатына ыраазычылык билдирип: "Студенттерибиздин жанында болуу, алардын муктаждыктарын чечүү жана тилектештик түшүнүгүн жандуу кармоо биз үчүн чоң бакыт. Жыл сайын өткөрүлүп келген бул долбоор университетибиздин социалдык жоопкерчилик багытынын күчтүү көрсөткүчү болуп саналат",— деди.
Студенттерге багытталган "Кийим-кече бөлүшүү" долбоорунун алкагында кайрымдуулук жарманкелеринен чогултулган каражаттар ар бир окуу жылдын күзгү жана жазгы семестрлеринде студенттердин муктаждыктарына жараша жумшалат. КТМУнун студенттик жатаканаларында атайын түзүлгөн дүкөн жаңы, сапаттуу, заманбап жана ыңгайлуу кийим-кечелер менен үзгүлтүксүз жаңыланып, кыздар жана балдар үчүн кызмат көрсөтүп келет. Студенттер алар үчүн атайын даярдалган бул жерден өздөрүнө керектүү кийимдерди эркин ала алышат.