КТМУда “Карьера күндөрү – 2026” башталды: студенттер дүйнөлүк эмгек рыногу менен бир аянтчада жолугушту


  • 2026-04-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттердин бүтүргөндөн кийинки жашоосун колдоого багытталган стратегиялык иш-чараларынын бири болгон “Карьера күндөрү – 2026” программасын уюштурду. Академия менен өндүрүш тармактарынын ортосунда туруктуу байланыштарды түзүүнү максат кылган бул иш-чара студенттерди ар кыл багыттагы алдыңкы мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуштуруп, карьералык пландаштырууну кампус жашоосунун борборуна алып келди. Университет түшүнүгүн аудиториялык билим берүү менен чектебеген Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Карьераны өнүктүрүү офисинин координациясында студенттерге чыныгы сектордук тажрыйба, профессионалдык тармактарга жетүү жана колдонмо карьералык багыт берүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган мазмундуу программаны ишке ашырды.

“Карьера күндөрү” көптөгөн студенттердин катышуусу менен башталып, студенттер сектор өкүлдөрү менен жолугушту

Экономика жана башкаруу факультетинин алдында өткөрүлгөн бул программа студенттердин катталуусу менен башталды. Андан соң Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөн ачылыш аземи бий жана чакан концерттик программа менен уланды. Студенттер иш-чаранын алкагында уюштурулган стенддер жана залдагы программалар аркылуу мекеме өкүлдөрү менен таанышып, ар түрдүү тармактар боюнча түз маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Биринчи проректор Ибраев: “Карьера күндөрү студенттер үчүн маанилүү жол көрсөткүч”

Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев карьера күндөрү университет жашоосунун маанилүү бөлүгү экенине токтолуп, мындай иш-чаралар студенттерге кесип тандоодо жол көрсөтүү менен бирге, иш дүйнөсү менен бекем байланыш түзөрүн баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттерди жалаң гана академиялык билим менен камсыз кылбастан, алардын карьералык аң-сезимин өнүктүрүү, кесиптик түшүнүктөрүн кеңейтүү жана келечекке даяр, ар тараптуу адистерди  тарбиялоо экенин айтты.

Студенттер 30дан ашык мекеме менен түз байланыш түзүштү

Чыңгыз Айтматов кампусунда уюштурулган стенддерде Eldik Bank, Companion Bank, Demir Bank, Optima Bank, Кант цемент заводу, Biovit, GlassLand, TSARKA Group, Marel Ltd, Forester, Ак Кеме жана Shoro сыяктуу улуттук жана эл аралык мекемелердин, ошондой эле ар кандай тармактардын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Жыйырма сегизден ашык компаниянын катышуусу менен өткөн иш-чара студенттерге иш дүйнөсүн жакындан таанып-билүүгө шарт түзүп, алардын профессионалдык карьерасына багыт бере турган маанилүү байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул алкакта студенттер ар кандай тармактарды түздөн-түз таанып, иш берүүчүлөрдөн иш дүйнөсүнүн учурдагы талаптарын үйрөнүштү. Ошондой эле компания өкүлдөрү стажировка жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, студенттер менен жеке маектерди өткөрүштү. Карьералык маектердин алкагында эки залда бир убакта отурумдар уюштурулду. Банк иши, финансы, кеңеш берүү, билим берүү, технология, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарынан келген адистер жумушка кабыл алуу процесси, стажировка мүмкүнчүлүктөрү, компетенцияларды өнүктүрүү жана тармактык күтүүлөр боюнча тажрыйбаларын бөлүшүштү. Күн бою өткөн отурумдарда студенттер иш дүйнөсүнүн талаптары, стажировка мүмкүнчүлүктөрү жана карьералык пландаштыруу тууралуу түздөн-түз маалымат алышты. Eldik Bank, Demir Bank жана Optima Bank өкүлдөрү банк иши тармагындагы карьералык жолдорду, жумушка кабыл алуу процесстерин жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунушташты. Forvis Mazars жана CCI Bishkek эл аралык компаниялардагы иш маданияты жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Teach for KG платформасы социалдык багыттагы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү таанытса, Biovit, Shoro, M Vector жана Ак Кеме ар кандай тармактардагы иш мүмкүнчүлүктөрүн студенттер менен бөлүштү. Иш-чара учурунда студенттер резюмелерин тапшырып, жеке маектерге катышып, суроо-жооп отурумдарына жана мекеме таанытууларына активдүү катышышты. Программа көптөгөн студенттер үчүн алгачкы профессионалдык байланыш аянтчасы болуп калды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Студенттерди келечекке даярдоо – биздин башкы максат”

КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан иш-чарага баа берип жатып, университет катары студенттерди келечектин дүйнөсүнө даярдаган күчтүү билим берүү борбору болууну максат кылганын белгиледи. Ал «Карьера күндөрү-2026» бул көрүнүштүн даана мисалы экенин айтты.
Ал студенттердин ишкер дүйнөнүн талаптарын түздөн-түз билиши, сектор өкүлдөрү менен жолугушуусу жана бүтүрүүгө чейин карьералык пландарын түзүшү өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле билим алуу менен ишке орношууну айкалыштырган мындай платформалар аркылуу жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоону жана аймактарга зарыл болгон сапаттуу кадрларды даярдоого салым кошууну уланта бере турганын кошумчалады.

    Социалдык медиада бөлүшүү