Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак 2026-жылдагы Евразия жогорку билим берүү саммитине (EURIE 2026) катышты.
Евразия университеттер ассоциациясы (EURAS) тарабынан быйыл 11-жолу уюштурулган EURIE 2026 саммитине Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар, EURAS жана EURIE уюмдарынын президенти, профессор Мустафа Айдын, ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин окутуучулары жана жогорку билим берүү тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Саммит 2026-жылдын 7–9-апрель күндөрү Стамбул шаарындагы Лүтфи Кырдар атындагы эл аралык конгресс жана көргөзмө борборунда өткөрүлүп, ага 100дөн ашуун баяндамачы жана 50 өлкөдөн 300дөн ашык мекеменин өкүлдөрү чогулду.
EURIE 2026 саммиттинин алкагында жогорку билим берүүнүн келечеги, глобалдашуу, академиялык кызматташтык жана инновациялык билим берүү моделдери талкууланды.
Саммиттин алкагында Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин өкүлдөрү катышкан сессияда сөз сүйлөгөн профессор Ибрахим Чапак катышуучуларга КТМУ тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эл аралык билим берүүгө жана КТМУга көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жана Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзварга ыраазычылык билдирди.
EURIE 2026 көргөзмөсүнүн алкагында ачылган КТМУнун стенди катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Саммиттин катышуучуларына QS дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы миң университеттин катарына кирген КТМУнун эл аралык жогорку билим берүү тармагындагы тажрыйбасы, илимий жетишкендиктери жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.