КТМУда 62-Китепкана жумалыгы маанилүү иш-чаралар менен белгиленди


  • 2026-04-03

62-Китепкана жумалыгы Кыргыз-Түрк “Манас» университетинде “Өнүктүрүүчу жана шыктандыруучу китепкана” темасында уюштурулган ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленди. Апта бою өткөрүлгөн программалар китепканалардын индивидуалдык жана коомдук өнүгүүдөгү маанисине көңүл буруп, окуу маданиятын жайылтууга да өз салымын кошту.

КТМУда эң көп китеп окуган студенттер сыйланды

Бул программалардын алкагында окуу маданиятын колдоого багытталган иш-чаралардын катарында эң көп китеп окуган студенттерди сыйлоо аземи өткөрүлдү. КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышкан азем Экономика жана башкаруу факультетинин окуу залында өтүп, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын март айына чейинки мезгилде эң көп китеп окуган студенттер сыйлыктарын алышты.

Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгы тарабынан топтолгон маалыматтардын негизинде аныкталган студенттер окууга болгон кызыгуусу жана туруктуулугу менен жогору бааланды. Салтка айланган бул иш-чара студенттер арасында окуу адатын жайылтууну жана академиялык жетишкендиктерди колдоону максат кылат. Жыйынтыгында, КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо бөлүмүнүн студенти Малика Манакбаева 44 китеп окуп, биринчи орунду ээледи. Ошол эле бөлүмдүн студенти Луиза Абдикамилова 43 китеп менен экинчи орунду, Айпери Абдрасулова 41 китеп менен үчүнчү орунду алды. Каныкей Масеитова жана Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Жумабек Алыбаев 41 китеп менен төртүнчү орунду бөлүшүштү. Ал эми Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо бөлүмүнүн студенти Назарбек Пазилов 40 китеп окуп, бешинчи орунга татыды.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө окуунун билим берүү процессиндеги орду өзгөчө экенин белгилеп, студенттерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Ал китепканалар жөн гана китеп сакталган жай эмес, адамды өнүктүргөн жана айыктырган маанилүү мейкиндик экенин баса белгиледи. Ошондой эле окуу жана билим алуу процесси адамдын ой жүгүртүүсүн байытып, жаңы көз караштарды калыптандыраарын белгилеп өттү.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына “Манас” университетинен китеп белек

Сыйлоо аземинен кийин Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуров Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды макамында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КТМУ тарабынан жарык көргөн кыргыз жана түрк тилдериндеги эмгектер Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына белек катары тапшырылды. Бул белек маданий мурастарды сактоо жана маалыматка жетүүнү кеңейтүү жагынан чоң мааниге ээ болуп, эки мекеменин ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыктын айкын көрсөткүчү катары бааланды.

Китепкананын директору Элдар Аттокуров бул баалуу салым үчүн ректор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, берилген китептер изилдөөчүлөр жана окурмандар үчүн маанилүү булак болорун белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки мекеменин ортосундагы биргелешкен долбоорлор жана илимий кызматташтык маселелери талкууланып, мындай демилгелер мындан ары да улантыларына ишеничин билдирди.

КТМУдан балдарга үмүт тартуулаган белек: Дүйнөлүк балдар китептери күнүндө келечекке салым

62-Китепкана жумалыгынын алкагында “Бир китеп – бир келечек” урааны менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде балдар үчүн китеп чогултуу акциясы уюштурулду. Акциянын жүрүшүндө түрк, кыргыз, англис, казак, өзбек жана азербайжан тилдериндеги балдар китептери кылдаттык менен чогултулду.

Жыйналган китептер балдардын окуу адатын калыптандыруу жана алардын кыял дүйнөсүн кеңейтүү максатында 2-апрель – Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү иш-чараларынын алкагында колдонулду. Бул маанилүү күнгө карата китептер Бишкек шаарындагы К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына КТМУнун атынан Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын директору Максатбек Ынакбеков тарабынан белекке берилди.

Аталган китепкананын директору Роза Султангазиева “Манас” университетинин бул демилгеси китепкананын “Түрк дүйнөсүнүн балдар китептери” бөлүмүнө чоң салым кошконун белгилеп, университет жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү