КТМУ делегациясы министр Гүлзат Исаматова менен жолугушту


  • 2026-03-27

Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин Камкорчулар кеңеши жана Текшерүү кеңешинин делегациясы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова менен министрдин кызматтык кабинетинде жолугушту.

Жолугушууга КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, ошондой эле ЖОЖдор кеңешинин Текшерүү кеңешинин мүчөсү, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президентине караштуу Стратегия жана бюджет башкармалыгынын төрагасы жана Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Ибрахим Шенел, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү жана ЖОЖдор кеңешинин төрага орун басары Халим Халдун Гөкташ, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку билим берүү, орто кесиптик билим берүү жана магистратурадан кийинки билим берүү боюнча бөлүмдүн башчысы Айнура Исираилова, Текшерүү кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда жогорку билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү жана жүргүзүлүп жаткан иштерди мындан ары да алдыга жылдыруу маселелери каралды.

    Социалдык медиада бөлүшүү