КТМУда “Rota Manas” фестивалы: жеткиликтүүлүккө багытталган демилге


  • 2026-03-27

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинде “Rota Manas: тилектештик жана жеткиликтүүлүк фестивалынын” алкагында Даун синдрому бар, ошондой эле көрүүсү жана угуусу начар балдар үчүн атайын иш-чара уюштурулду. Фестивалдын максаты — жеткиликтүүлүк маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук жашоого тең укуктуу катышуусун колдоо болду.

Балдар күн бою искусство, спорт жана изилдөө темасындагы иш-чараларга катышып, фестиваль жеткиликтүүлүк жана коомдук аң-сезим тууралуу маанилүү билдирүү берди.

КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда уюштурулган фестивалда балдар бий көрсөтүүлөрү, хор аткаруулары, сахналык иш-чаралар жана ар кандай устаканалар менен таанышты. Мындан тышкары, сезим аркылуу таанып-билүү, жаратылыш менен таанышуу, спорттук оюндар, манжа менен сүрөт тартуу жана “жалпы сезимдер тактасы” сыяктуу иш-чаралар балдардын социалдык жана маданий турмушка интеграцияланышына өбөлгө түздү.

Фестиваль ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселесин көтөргөн маанилүү аянтча болуп, жеткиликтүүлүк өзгөчө артыкчылык эмес, ар бир адамга таандык негизги укук экендиги баса белгиленди.

“Негизги тоскоолдук – аң-сезимдеги тоскоолдуктар”

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем жеткиликтүүлүк бардык адамдар үчүн тең кызмат жана билим берүү дегенди билдирерин белгилеп, негизги тоскоолдук физикалык чектөөлөрдө эмес, коомдук көз карашта экенин айтты. Өкем балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү улантыларын белгилеп, фестивалдын келечекте кеңири катышуу менен салтка айланышын кааларын билдирди.

Ректор Жейлан салым кошкон мекемелерге ыраазычылык билдирди

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан фестиваль алкагында балдардын укуктары, инклюзивдүү билим берүү, жеткиликтүүлүк жана социалдык колдоо багытында иш алып барган улуттук жана эл аралык мекемелерге жана жарандык коом өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Профессор Жейлан коомдун бардык катмарларын камтыган адилеттүү, инклюзивдүү жана жеткиликтүү жашоо маданияты мекемелер аралык кызматташтык, коомдук жоопкерчилик жана биргелешкен аракет менен гана өнүгөрүн баса белгиледи. Ал айрыкча майып балдардын коомдук жашоого катышуусун жогорулатуу, коомдук аң-сезимди күчөтүү идеалына жетүүгө багытталган аракеттердин маанилүүлүгүн айтты.

КТМУ коомдук катышууга басым жасады

КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ университеттин академиялык иштер менен гана чектелбестен, коомго кызмат кылган долбоорлор аркылуу да активдүү экенин белгиледи. Ал университет көп жылдан бери ар кандай социалдык жоопкерчилик иш-чараларын өткөрүп келе жатканын жана мындай иш-чаралар коомдук тилектештикти бекемдээрин айтты.

Фестивалдын жеткиликтүүлүк темасына негизделгенин белгилеген доцент, доктор Зейнеп Гюлдем Өкем бул иш-чара студенттер жана коом үчүн социалдык сезимталдыкты жогорулаткан платформа болууну максат кыларын билдирди.

Кеңири катышуу менен өткөн фестивалда ыктыярчылык жана тилектештик өзгөчө белгиленди

Фестивалдын даярдык жана өткөрүү процессине студенттер, окутуучулар жана ата-энелер ыктыярчы катары катышты. Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун "Оба" чай бакчасында өткөн “Тилектештик жана жеткиликтүүлүк фестивалына” Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор доктор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президенттигинин Стратегия жана бюджет башкармалыгынын төрагасы жана Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Ибрахим Шенел, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү жана Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) төрага орун басары, профессор Халим Халдун Гөкташ, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (UNICEF) Кыргызстандагы өкүлү Самман Ж. Тапа, UNICEF билим берүү бөлүмүнүн башчысы Лейла Хасанова, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын Борбор Азиядагы делегациясынын башчысы Севал Гүзелкылынч, Түрк Кызылайынын Борбор Азия делегациясынын башчысы Севде Нур Сөйлөмез, Даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин “Santerra” фонду, көрүүсү начар балдардын жатак-мектеби, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеби, Роза Отунбаева фонду, Бишкек түрк мектеби, окутуучулар, студенттер, коноктор жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү