Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму алкагында маданий жана тарыхый жайларга сапар уюштурулду


  • 2026-03-26

Кыргыз–Түрк “Манас” университетининде өткөрүлгөн Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму алкагында Түркиянын ар кайсы жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар маанилүү маданий жана тарыхый жайлар менен таанышты.

Программага ылайык, коноктор Ата-Бейит мемориалдык комплексине, Бурана (Баласагун) шаарчасынын тарыхый калдыктарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышты. Улуттук тарых музейиндеги иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, ошондой эле Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышты.

Сапардын жүрүшүндө окумуштуулар кыргыз элинин бай тарыхын жана көп кырдуу маданий мурасын чагылдырган экспонаттар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Музейде Таш жана темир доорлоруна таандык археологиялык табылгалар, салттуу текстиль жана кол өнөрчүлүк буюмдары, көчмөн турмушту чагылдырган экспонаттар, этнографиялык материалдар, ошондой эле совет мезгилинен бүгүнкү күнгө чейинки ар түрдүү документтер жана коллекциялар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын алкагында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине китеп белек кылды.

    Социалдык медиада бөлүшүү