Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) социалдык жоопкерчилигин бекемдөө жана коомдук тилектештикти күчтөндүрүү максатында Бишкектеги “Үмүт үйүнүн” жашоочулары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана медицина кызматкерлери үчүн КТМУнун социалдык курулуштар имаратында ооз ачуу программасын уюштурду.
Ооз ачуу программасына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Иш-чаранын алдында коноктор КТМУнун теология факультетине барып, факультет тууралуу маалымат алышты. Жолугушуунун алкагында академиялык курам жана студенттер менен жолугушуп, жылуу маанайдагы маектерди өткөрүштү жана университеттин чөйрөсү менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Биримдиктин жана тилектештиктин эң мыкты үлгүсү болгон бул маанилүү программада коноктор өздөрүнө көрсөтүлгөн сый жана чакыруу үчүн КТМУнун ректору, професор Алпаслан Жейланга ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошондой эле коноктор ооз ачуу алдында жана андан кийин Чыңгыз Айтматов кампусунда ачык асман алдында жасаган сейилдөө аларга жагымдуу таасир калтырганын айтып, кампустун заманбап шарттарын жогору баалагандыктарын билдиришти.