КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын Кадыр түнгө карата куттуктоосу


  • 2026-03-16

Ырайымдуулуктун, берекенин жана руханий тазалануунун айы болгон ыйык Рамазан айынын соңку күндөрүнө жакындап келе жаткан учурда, миң айдан да артык экени сүйүнчүлөнгөн Кадыр түнгө жетүүнүн кубанычын бөлүшүп жатабыз. Бизди ушундай баалуу жана сооптуу түнгө жеткирген Улуу Жаратканыбызга чексиз мактоо жана шүгүрлөр болсун.

Чындыгында, биз аны (Куранды) Кадыр түнүндө түшүрдүк. Кадыр түн эмне экенин сен кайдан билмек элең?! Кадыр түн – миң айдан жакшыраак. Бул түнү периштелер жана Рух (Жебрейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт. Тынчтык менен ал таңга чейин (созулат).”

[Кадыр сүрөсү, 1-5-аяттар]

Бул ыйык түн — ырайым, кечирим жана береке сезилип, дубалар кабыл болуп, жүрөктөр тазарып, руханий тынчтык күч алган өзгөчө убакыт болуп саналат.

Ушул маанилүү түнгө карата, алгач Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жамаатын, ошондой эле Кыргызстанды, Түркияны жана жалпы Түрк-Ислам дүйнөсүн Кадыр түнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул берекелүү түн адамзатка ден соолук, тынчтык, жакшылык жана береке алып келишин Улуу Жараткандан тилейм.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,

PhD., профессор Алпаслан Жейлан

    Социалдык медиада бөлүшүү