КТМУда Жазгы семестр академиялык кеңешинин жыйындары башталды


  • 2026-03-10

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде 2025–2026-окуу жылына карата Жазгы семестр академиялык кеңешинин жыйындары факультеттерде КТМУнун ректору,  профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда өткөрүлүүдө.

Факультет жетекчилиги жана окутуучулар катышкан жыйындарда окуу-окутуу иштери, илимий изилдөөлөр, академиялык публикациялардын көрсөткүчү, эл аралык кызматташуулар жана коомдук салымдар каралат. Ошондой эле факультеттердин академиялык өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана кийинки семестрге пландар талкууланат.

Академиялык кеңештин жыйындары 2026-жылдын 9-мартында Инженерия факультетинде, 10-мартында болсо Коммуникация факультети жана Гуманитардык факультетте өткөрүлдү.

Жума бою ар башка факультеттерде улантылчу жыйындар университеттин академиялык өнүгүүсүнө маанилүү салым кошууга багытталат.

    Социалдык медиада бөлүшүү