Кыргыз-Түрк “Манас” университети Комрат мамлекеттик университети жана Хатай Мустафа Кемал университеттеринин ортосунда академиялык кызматташтык протоколдоруна кол коюлду.
Онлайн форматта өткөн кол коюу аземинде документтер тараптардын ректорлору тарабынан өз ара бекитилип, расмий күчүнө кирди.
Кол коюлган протоколдордун алкагында биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды уюштуруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу, илимий изилдөөчүлөрдүн орток долбоорлорго катышуусун колдоо каралган.
Мындан тышкары, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында семинарларды, илимий-практикалык жыйындарды жана кыска мөөнөттүү академиялык программаларды өткөрүү, ошондой эле басылмалар, окуу-усулдук материалдар жана маалымат алмашууну камсыз кылуу пландалууда.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ