15-ДЕКАБРЬ — «ДҮЙНӨЛҮК ТҮРК ТИЛИ ҮЙ-БҮЛӨСҮ КҮНҮ» КТМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ ЖАНА КОНЦЕРТ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ


  • 2025-12-15

2025-жылдын 3-ноябрындагы UNESCO тарабынан Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн 43-Жалпы конференцияда 15-декабрь «Дүйнөлүк түрк тили үй-бүлөсү күнү» деп жарыяланган.
2025-жылдын 15-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети ушул күнгө арналган атайын конференция өткөрдү.

КТМУнун Конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.

Ректор профессор Алпаслан Жейлан: «Тил — улуттун жаны»

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан UNESCO тарабынан 15-декабрдын «Дүйнөлүк түрк тили үй-бүлөсү күнү» деп жарыяланышы түрк тили менен маданиятынын дүйнөлүк деңгээлде таанылышы үчүн абдан маанилүү кадам экенин белгиледи.

Профессор Жейлан кыргыз макалында айтылган «Тил — улуттун жаны» деген сөздүн терең маанисине токтолуп, тил элдин бар болушун жана уланып турушун камсыз кылган эң негизги баалуулук экенин баса белгиледи.
«Жаныбызды сакташыбыз керек», — деген ректор түрк тилине ээ болуу тарыхый жана маданий жоопкерчилик экенин айтты.

Түрк тилинин терең тарыхый мурасына көңүл бурган профессор Жейлан «Кутадгу билиг», «Диванү лүгати-түрк» жана Көктүрк жазуулары сыяктуу негизги эмгектерди окуп-үйрөнүү, түшүнүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү өтө маанилүү экенин белгиледи.
«Биздин милдет — өткөндүн улуулугун келечекке жеткирүү. Ал эми тил — мунун эң башкы куралы», — деди ал.

Бул маанилүү күн түрк тилине болгон жоопкерчиликти жана аны келечек муундарга өткөрүү аң-сезимин күчөтөрүн белгилеген профессор Жейлан, түрк тили биримдик менен ынтымактын эң бекем негизи экенин да кошумчалады.

Профессор Гүрер Гүлсевин: «Тил деген — жүрөк деген сөз»

«15-декабрь — Дүйнөлүк түрк тили үй-бүлөсү күнү» алкагында уюштурулган конференцияда түрк тилинин тарыхый өнүгүүсү, азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Конференциянын негизги баяндамачысы түрк тили боюнча илимий изилдөөлөрү менен таанымал профессор Гүрер Гүлсевин болду.

Профессор Гүлсевин «Түрктөрдүн тили: өтмүшү — учуру — келечеги» деген темадагы баяндамасында түрк тилдеринин Борбор Азиядан Балканга чейин созулган кең аймактагы тарыхый тереңдигин, диалекттик байлыгын, жалпы маданий мурасын жана заманбап дүйнөдөгү ордун кеңири талдап берди.

15-декабрдын символдук маанисине токтолгон профессор Гүлсевин бул күн түрк тилинин бай тарыхын, эң байыркы жазма эстеликтерин таанып-билүү жагынан дүйнөлүк мааниге ээ экенин белгиледи.

Түрк тилинин тарыхый өнүгүүсү тууралуу сөз кылган профессор Гүлсевин түрк тилдери ар кыл аймактарда өнүгүп, улам байып келгенин айтты. Түрк тилинин дүйнө тилдеринин арасындагы ордуна токтолуп, бүгүнкү күндө түрк тили чет тили катары эң көп үйрөнүлүп жаткан тилдердин катарында экенин белгиледи. Ал түрк тили илим, адабият жана маданият багытындагы биргелешкен иштер аркылуу мындан ары да чыңдаларын айтты.

Түрк дүйнөсүндө тил биримдиги — негизги багыт

«Тил деген — жүрөк деген сөз», — деген профессор Гүлсевин тил жөн гана байланыш каражаты эмес, жалпы маданияттын жана руханий дүйнөнүн негизи экенин баса белгиледи.
Ал тирүү түрк жазма тилдерине байланыштуу чоң жоопкерчилик бар экенин айтып, «Ар түрдүүлүктү — байлык катары сактап, ортоктукту коргоп гана тим болбостон, аны кеңейтүү — баарыбыздын милдетибиз», — деди.

Конференция соңунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору профессор Алпаслан Жейлан профессор Гүрер Гүлсевинге "Манас" университетинин 30 жылдыгына арналган Кызмат медалын тапшырды.

Дүйнөлүк түрк тили үй-бүлөсү күнүнө арналган өзгөчө концерт

Конференциядан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан "Дүйнөлүк түрк тили үй-бүлөсү күнүнө" карата концерттик программа уюштурулду.

Концерт Манастын Кыздары аттуу бий тобунун аткаруусундагы номер менен башталды. Андан соң түрк бийи жана композитор Ибрагим Жунусовдун вокалдык аткаруусу көрсөтүлдү. Ошондой эле "Жетиген" комуз тобу «Мин кыял» аттуу чыгарманы аткарды.

Факультет даярдаган концерттик программада кыргыз салттуу обондорунан тышкары Түркия, Казакстан, Керкүк, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Карачай музыкалык маданиятынан тандалган чыгармалар сунушталды.

Концерт Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук маданият жанв искусство университетинин окутуучулары жана студенттеринин аткаруусундагы попурри менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү