КТМУда Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган адабий жана көркөм программалар өткөрүлдү


  • 2025-12-12

2025-жылдын 12-декабрында  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулугу болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгы Филология факультети, Коммуникация факультети жана Көркөм өнөр факультетинин биргелешкен уюштуруусу менен кеңири программада белгиленди.

Эскерүү иш-чаралары Чыңгыз Айтматов үй-музейине болгон сапар менен башталды. КТМУнун окутуучулары жана студенттери жазуучунун өмүр жолу, ой жүгүртүүсү жана чыгармалары тууралуу баалуу маалыматтарды камтыган музейди кыдырып, Айтматовдун адабий жолун жакындан таанып чыгышты.

Курманжан Датка көркөм галереясында Айтматовдун дүйнөсүнө көркөм саякат

Музейге болгон сапардан кийин иш-чаралар КТМУнун Курманжан Датка көркөм галереясында уланды. Галереяда Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган «Айтматовго арноо» аттуу топтук көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ бул күн Кыргыстан жана Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Профессор Алтынташ: «Бүгүн — кылымдын улуу баалуулуктарынын бири болгон Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Айтматов дүйнөлүк адабиятка “манкуртташуу” түшүнүгүн киргизген жалгыз жазуучу. “Манкурт” деген сөз — өз маданиятынан жана улутунан алыстаган адамдарды мүнөздөгөн күчтүү түшүнүк. Биз манкурт болбошубуз керек», — деди.

Профессор Исмет Алтынташ сөзүнүн аягында: «Жеке оюмду айта кетсем, “Кылым карытар бир күн” романындагы ошол өзгөчө күн мага Айтматовдун туулган күнүн эске салат. Бүгүн — Түрк дүйнөбүз үчүн чындап эле кылымга тете күн. Катышканыңыздар жана колдооңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем», — деп билдирди.

Гуманитардык факультетинен «Айтматовду түшүнүү» аттуу атайын маек

Багытталган иш-чаралардын алкагында КТМУнун Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган «Айтматовду түшүнүү» аттуу маек уюштурулду. Улуу жазуучунун ой мурасын илимий эмгектери аркылуу изилдеп келген, түрк дүйнөсүндө Айтматов десе алгач эске түшкөн окумуштуулардын бири профессор Лайли Үкүбаева жана жазуучу Асан Ахматов катышуучулар менен Айтматовдун адабий көз карашын, каармандар дүйнөсүн жана дүйнөлүк адабиятка тийгизген таасирин бөлүштү.

Иш-чарага КТМУнун биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ, Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Мехмет Өзкаржы, Коммуникация факультетинин деканы, профессор Бесим Йылдырым, окутуучулар жана студенттер катышты.

Программанын ачылыш сөзүндө КТМУнун биринчи проректору Алмаз Ибраев адабият коомдун ой жүгүртүүсүн калыптандырып, маданий эс-тутумду келечекке жеткирген эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин белгиледи.

«Бүгүн — жөн гана календардагы дата эмес, бүтүндөй Кыргыстандын жалпы рухун чагылдырган өзгөчө күн. 2011-жылы Жогорку Кеңештин чечими менен 12-декабрдын “Улуттук адабият күнү” катары кабыл алынышы, адабиятыбыздын улуттук баалуулуктарыбыздагы ордун дагы бир ирет айгинелеп турат. Ушул маанилүү адабият майрамы менен баарыңызды чын дилден куттуктайм», — деди.

Доцент Алмаз Ибраев араб маданиятында айтылган «Кандай доор болбосун, эң жакшы дос — китеп» деген накыл сөздү эске салып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адабий жана ой жүгүртүу мурасына өзгөчө көңүл бурду. Айтматов чыгармаларында адамзаттын негизги маселелерин, коомдогу сындуу учурларды жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды чеберчилик менен чагылдырганын белгилеген профессор Ибраев, бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлүп жаткан эскерүү иш-чаралары Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин айтты.

«Айтматов — бир гана Кыргызстандын эмес, бүткүл Түрк дүйнөсүнүн жаркыраган жылдызы жана сыймыгы», — деди ал  

КТМУнун биринчи проректору Алмаз Ибраев ошондой эле Айтматов тарыхый жактан татаал мезгилде жашап, ошол доордо топтогон турмуштук тажрыйбасынын негизинде калыптанган терең философиялык ой жүгүртүүсүн чыгармаларына жогорку чеберчилик менен сиңире алганын баса белгиледи. Маданиятты, улуттук өзгөчөлүктү жана баалуулуктарды сактоодо Айтматовдун орду өзгөчө экенин айткан профессор Ибраев сөзүн мындайча улантты: «Биз — Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойгон муунбуз. Айтматов, айрыкча “манкурт” метафорасы аркылуу эстутумду, улуттук баалуулукту жана түпкү тамырды сактоонун өтө маанилүү экенин көрсөттү. Ошондуктан ата-бабалардан мурас болуп калган маданиятыбызды, тилибизди жана салт-санааларыбызды ар дайым жашатып, эч качан унутпашыбыз керек».

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык Чыңгыз Айтматов бүгүн Түрк дүйнөсүнүн акылман инсандарынын катарында турарын белгилеп, анын бир гана улуу жазуучу эмес, бүткүл адамзат үчүн баа жеткис баалуулук экенин айтты. Кыргыз тили, маданияты жана тарыхы менен сугарылган бул бай мурас Айтматовдун инсаны аркылуу калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин жеткенин белгилеген профессор Ашик:

«Ушундай маанилүү маданий жана адабий мурасты бизге калтырган улуу устатка терең ыраазычылык билдиребиз. Жайы жаннат болсун», — деди.

Ачылыш сөздөрдөн кийин профессор Лайли Үкүбаева жана жазуучу Асан Ахматов катышкан «Айтматовду түшүнүү» аттуу маекте улуу жазуучунун адабий мурасы, ой дүйнөсү жана чыгармаларынын дүйнөлүк деңгээлдеги таасири тууралуу кеңири пикир алышты.

Маекте профессор Лайли Үкүбаева Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, ой жүгүртүүсү жана адабий инсандыгы боюнча терең талдоолорду сунуштады. Ал эми жазуучу Асан Ахматов Айтматовдун тууганы катары анын адамдык сапаттарын, мүнөзүн калыптандырган өзгөчөлүктөрүн жана үй-бүлөлүк эскерүүлөрүн катышуучулар менен бөлүштү. Суроо–жооп форматында өткөн жолугушууда эки спикер тең жаштарга кайрылып, «Көп китеп окугула, өзүңөрдү дайыма өнүктүрүүгө умтулгула» деген маанилүү насаатын беришти.

Маек баяндоолор жана терең мазмундуу пикирлер менен коштолуп, катышуучуларга унутулгус адабий тажрыйба тартуулады.

Айтматовдун дүйнөсү: сахналык көрсөтүү

Иш-чаралардын уландысында КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган «Айтматовдун дүйнөсү: сахналык көрсөтүү» аттуу программа көрүүчүлөргө тартууланды.

Программада Көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган таасирдүү сахналык номерлер көрсөтүлдү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан шыктануу менен даярдалган аткаруулар иш-чаранын алкагында сахналаштырылды.

Программанын «Көркөм окуу» бөлүгүндө студенттер жазуучунун «Ак кеме», «Бетме-бет», «Эрте келген турналар» жана «Эне-Топурак» чыгармаларынан тандалган үзүндүлөрдү сахнага алып чыгышты. Көркөм окууларды иш-чарага келген коноктор чоң кызыгуу менен кабыл алышты. Ошондой эле программада студенттер тарабынан «Ысык-Көлдү сагынуу» ыры аткарылды.

Айтматовдун мурасы жашоосун улантууда

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чаралар күн бою уланды. Программанын алкагында көрсөтүлгөн көркөм жана адабий аткаруулар жазуучунун чыгармаларында камтылган адам, табият жана коомдук баалуулуктарга арналды.

Иш-чаралар жалпы эскерүү сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Университетте уюштурулган программалар Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталганы белгиленди. Кыргыз-Түрк «Манас» университети Чыңгыз Айтматовду жыл сайын болгондой эле быйыл да илимий жана көркөм иш-чаралар аркылуу эскерип, улуу жазуучунун мурасын жашатууну улантты.

    Социалдык медиада бөлүшүү