КТМУда 2025-жылга карата ички аудит боюнча ачылыш жыйын өткөрүлдү


  • 2025-12-09

2025-жылдын 9-декабрында ректораттагы жыйындар залында TS EN ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында 2025-жылга карата ички текшерүүнүн ачылыш жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга КТМУнун башкы катчысы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, профессор Кадир Ардыч, университеттин сапатты башкаруу боюнча элчилери жана , ички текшерүүчүлөр жана түзүмдөрдүн сапат боюнча жооптуу адистери катышты.

Ачылышта сөз сүйлөгөн профессор Кадир Ардыч, ички текшерүүнүн университеттеги сапатты камсыз кылуу ишинде маанилүү орунда турарын белгиледи. Ал процесстин так пландалып, тартиптүү жана жогорку жоопкерчилик менен ишке ашырылышы керек экенин айтып: “Сапат багытындагы иш-аракеттерибиз көп жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келет. Бул жолу да ишибизди мурдагыдан дагы кылдат жана ар тараптан карап жүргүзүшүбүз абдан маанилүү.” — деп баса белгиледи.

Сапат Башкаруунун өкүлү, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил да сапаттулук жалпы коллективдин салымы менен калыптана турганын айтып: “Өткөн жылы ички текшерүү иштерин  кемчиликсиз түрдө аяктадык. Быйыл да окууларды жана ишти мыкты деңгээлде улантып, ушул ийгиликти кайрадан кайталайбыз деп ишенем. Бул процесске катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем.” — деди.

Ички текшерүү боюнча үйрөтүүнү өткөргөн доктор Жахит Атлы, текшерүүнүн мааниси, критерийлери, текшерүүчү топтун милдети, объективдүү далил топтоо, табылгалардын түрлөрү жана ички текшерүүчүнүн кесиптик сапаттары боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берди.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети билим берүү жана жалпы башкаруудагы сапатты жогорулатууну көздөп, ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасын туруктуу негизде колдонот. Университет бул системаны жөн гана формалдуу талап эмес, институционалдык өнүгүүнү жана туруктуу сапатты камсыздаган стратегиялык механизм катары көрөт.

Ички текшерүүгө байланышкан окуулар эки күн бою уланат.

 

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/0cSJ_NJa9H4

    Социалдык медиада бөлүшүү