2025-жылдын 15-октябрында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Түрк университеттер биримдигинин (TÜRKÜNİB) 8-башкы ассемблеясы болуп өттү.
Жалпы жыйынга ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Шарипов, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайларынын 70тен ашык ректорлору, окумуштуулары жана өкүлдөрү катышты.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да жалпы жыйынга катышып, Орхун алмашуу программасынын алкагында баалоо баяндама жасады.
Өз сөзүндө профессор Жейлан түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоонун, студенттер менен окутуучулардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу жана биргелешкен илимий долбоорлорду өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду.
Ал ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсүндө билим, илим жана маданият жаатында көпүрө болгон алдыңкы жогорку окуу жай экенин белгилеп, “Түрк мамлекеттеринин келечеги-билимге сугарылган жана биримдик рухунда тарбияланган жаштардын колунда” экенин айтты.
Жыйында жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыктын мааниси баса белгиленип, Орхун алмашуу программасын өркүндөтүү, TÜRKÜNİBдин институционалдык түзүмүн чыңдоо жана Изилдөө менен инновация фондун түзүү маселелери каралды. Ошондой эле ТМУнун секретариаты тарабынан даярдалган “TÜRKÜNİB Туруктуу секретариаты жана Орхун алмашуу программасы үчүн атайын программалык фонд” концепциялык документи да талкууланды.
Жалпы жыйынан кийинки академиялык кызматташтык жолугушуулары
Жалпы жыйындан кийин ректор, профессор Жейлан аймактагы бир катар университеттерге расмий сапар менен барып, академиялык кызматташтык боюнча протоколдорго кол койду.
Ректор, профессор Жейландын бул жолугушуулары түрк дүйнөсүндөгү жогорку билим берүү тармагындагы орток иштерди өнүктүрүүгө жана университеттер ортосундагы биримдикти чыңдоого маанилүү салым кошкон кадамдар катары бааланууда.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсүндө илимий, маданий жана академиялык кызматташтыкты бекемдеген демилгелерге мындан ары да башчылык кылууну улантат.