Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кыркларели университетинин ортосунда академиялык кызматташтык протоколу түзүлдү


  • 2025-10-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) менен Түркиянын Кыркларели университети академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү келишимдерге кол коюшту.

2025-жылдын 17-октябрында өткөн жолугушууда Кыркларели университетинин ректору, профессор Ренгин Ак, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев жана проректор, профессор Исмет Алтынташ ректордун кабинетинде жолугушту.Жолугушуунун алкагында Орхун алмашуу программасы боюнча келишим жана эки тараптуу кызматташтык протоколуна кол коюшту.

Бул протоколдун негизинде эки университет ортосунда биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттер менен окутуучуларды алмашуу программаларын ишке ашыруу жана жогорку билим берүү менен илимий изилдөө жаатында кеңири кызматташтыкты өнүктүрүү максат кылынууда.

Кол коюу аземинен кийин профессор Ренгин Ак “Медиа Манас” мекемесине барып, ишмердүүлүк жана маалыматтык-продукциялык иштер менен таанышты.

    Социалдык медиада бөлүшүү