Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) 30 жылдык мааракесинин алкагында окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүн “30 жылдык маараке медалы” менен сыйлады.
2025-жылдын 30-сентябрында ректорлуктун жыйындар залында уюштурулган иш-чарага КТМУ ректору, профессор доктор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, ректор жардамчылары профессор доктор Исмет Алтынташ менен профессор доктор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Иш-чарада ректор, профессор Алпаслан Жейлан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө “30 жылдык маараке медалдарын” тапшырды жана университеттин өнүгүү жолунда кошкон баалуу салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Профессор Жейлан КТМУнун 30 жылдык ийгиликтерге толгон жолунда академиялык жана администрациялык кызматкерлердин ырааттуу эмгегинин негизги роль ойногонун белгиледи. Ошондой эле, бул аракеттердин келечекте дагы көбөйө берет деген ишенимин айтты.
Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.