2025–2026-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ЖАТАКАНА ЖАЙГАШТЫРУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


  • 2025-08-01

2025–2026-окуу жылына карата жатакана маселелеринде төмөнкү жагдайларга көңүл буруу сунушталат:

  1. Көрсөтүлгөн мөөнөттө онлайн арыз бербеген студенттер жатаканага каттала алышпайт!
  2. Арыз берип, негизги тизмеге кирген даярдоо бөлүмүнүн жана орто курстун студенттери жатаканага каттоодон 25.08.2025 – 19.09.2025 күндөрү аралыгында өтө алышат! Бул мөөнөттөн кийин негизги тизмеден каттоо жүргүзүлбөйт!
  3. Көрсөтүлгөн мөөнөттө өзү келе албаган студенттер каттоону ишеним кат (доверенность) аркылуу жүргүзүшү керек.
  4. Жатаканага катталгысы келген ар бир студент төмөнкү документтерди алып келиши зарыл.
    ЭСКЕРТҮҮ: Шарттарга жараша кошумча документтер талап кылынат!

СТУДЕНТТЕР КАТТОО ҮЧҮН АЛЫП КЕЛИШИ КЕРЕК БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Студенттик маалым кат (OBIS – Студенттик Маалымат Системасынан басып чыгарылышы керек)
  2. Саламаттык тууралуу маалым кат (Өпкөнүн рентген жыйынтыгы университеттин Саламаттык борбору тарабынан бекитилиши керек. Чет өлкөдөн келген студенттер үчүн СПИД (Elisa) тести талап кылынат.)
  3. 5000 сом депозит төлөнгөндүгү тууралуу банктык квитанция
  4. 3x4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт
  5. Паспорттун көчүрмөсү
  6. 2 даана тунук (пластик) папка
  7. Туруктуу жашаган жери тууралуу маалым кат (КР жарандары үчүн)
  8. Бардык студенттер эгерде арыз берүүдө белгилешкен болсо, төмөнкү документтерди дагы каттоодо алып келиши керек:
  • ата-энесинин нике, ажырашуу же каза болушу тууралуу документтери
  • 22 жашка чыга элек жана үй-бүлөсүндө 5 же андан көп бир тууганы бар студенттер үчүн үй-бүлөлүк курам тууралуу маалым кат (НҮФҮС)
  • эгер университетте окуган бир тууганы бар болсо, анын студенттик маалым каты
  • ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү студенттер үчүн тиешелүү медициналык документтер

 

2025 - 2026 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу кыз студенттеринин негизги тизмеси

2025 - 2026 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу эркек студенттеринин негизги тизмеси

2025 - 2026 окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс кыз студенттеринин негизги тизмеси

2025 - 2026 окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс эркек студенттеринин негизги тизмеси

Төмөнкү QR код аркылуу керектүү документтер жана жатаканаларыбыз тууралуу жалпы маалыматтар менен таанышсаңыз болот!

    Социалдык медиада бөлүшүү