2025-2026 -окуу жылынын күз жана жаз семестрлерине карата Орхун алмашуу программасынын жыйынтыктары жарыяланды.
*РЕЗЕРВДИК ТИЗМЕДЕ БОЛГОН СТУДЕНТТЕР ЖОЛ ЧЫГЫМДАРЫН ӨЗДӨРҮ КАРЖЫЛОО МЕНЕН ПРОГРАММАГА КАТЫША АЛЫШАТ.
3-тизме: Орхун алмашуу программасы боюнча мугалимдердин жыйынтыктары
Эскертүү: Талаптарын тапшырып, бирок жыйынтыктар тизмесинде аты-жөнү болбогон студенттер жана мугалимдер тапшырылган университет тарабынан кабыл алынбагандыгын тастыктайт.
* Чакыруу каттары, окуу протоколдору, сабак тандоо жана башка расмий маалымат формасында (Bilgi Formu) жазылган электрондук почталарына жөнөтүлөт, мындан улам кабыл алынган студенттерден электрондук почталарын текшерип туруулары керек.
* Транспорттук чыгымдарын өздөрү төлөп, программага катышууну каалаган студенттер 2025-жылдын 18-июлуна чейин [email protected] дарегине кабарлашы керек.
*Программага катышуудан баш тартууну каалаган студенттер, себептери көрсөтүлгөн кол коюлган Баш тартуу арызын даярдап, 2025-жылдын 15-июлуна чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүүлөрү зарыл.